Жан-Булак айылдык кенешинин ХХI-чакырылышынын кезексиз сессиясынын Протоколу №2 Жан – Булак айылы 16-январь 2017-жыл

фирм_бланк

Жан-Булак   айылдык   кенешинин  ХХI-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

                                                         Протоколу  №2

Жан – Булак айылы                                                                   16-январь 2017-жыл

Күн тартибинде: Жан – Булак айылында  «Акун»  фирмасы  тарабынан   «Умсунай —   Апа»  бала  бакчасынын  экинчи  имараты  бүтүрүлгѳндүгү  жана  ага  акча  каражатын  бѳлүп  берүү жѳнүндѳ               

Жан – Булак айылдык  кенешинин  тѳрагасы  А.Эшимбеков  сессияны  ачып  айылдагы  «Умсунай  — Апа»  бала  бакчасынын  башчысы  А.Акылбековага  сѳз  берди.

А.Акылбекова  «Умсунай — Апа»  бала  бакчасынын  экинчи  имараты   бүткѳрүлгѳндүгүнѳ  байланыштуу  48  бала  кошумча  алынат.  Алардын  тамак  ашына,  электр  энергиясына  жана  кѳмүр  отунун  чечип  берүү  үчүн  акча  каражатын бѳлүп  берүүнү  суранып  ѳттү.

Депутаттар  жогорку  маселени  бир  добуштан  колдоп  добуш  беришти. Каршы,  калыс  жок.

Жогорудагы  маселени  карап  чыгып  талкуулап  Жан – Булак  айылдык  кенеши

Токтом кылат :

  1. Жан – Булак  айылындагы  «Умсунай — Апа»  бала  бакчасынын  экинчи  имараты  курулуп   бүтүп  ишке  берилерине  байланыштуу  балдардын  тамак  ашына,  электр  энергиясына,  жана  кѳмүр  отунуна  акча  каражаты  бѳлүнүп  берилсин.

 

  1. «Умсунай — Апа»  бала  бакчасын  ачып  48  бала   алуу  жагы  бала  бакчасынын  башчысы  А. Акылбековага  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын  кѳзѳмѳлдѳѳ    айыл  ѳкмѳтүнүн  башкы  бухгалтери  Ж.Эсенкановага  тапшырылсын.

Тѳрага           А.Эшимбеков

Добавить комментарий