Жан – Булак айылдык Кеңешинин ХХI чакырылышынын кезексиз сессиясынын
Токтому № 4
Жан – Булак айылы 10- март 2017 — жыл
Күн тартибинде: Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016 – жылдагы аткарылышы жана 2017 жылдагы бюджетинин сметасы жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессияны ачып катышуучуларына төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
Жан – Булак айыл округунун 2016 — жылдагы бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 4420, 6 миң сом болуп бекитилген. Жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду эсептөө менен киреше бөлүгүнүн планы 5293,6 миң сом, чыгаша бөлүгү 5603,0 миң сом болуп такталган.
Бюджеттин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктар жана мыйзамдар, Республикадан келген гранттар боюнча жалпысынан 98,4% ке аткарылды, же жалпы 5206,7 миң сом киреше түштү. Анын ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана жыйымдар 2651,9 миң сом. Гранттар жана трансфеттер 2554,8 миң сом. 2016 – жылы салыктар жана жыйымдар 69,8% ке аткарылды. Салыктардын 5 туру аткарылган жок. Булар киреше салыгы 84,8% кыймылсыз мүлк салыгы 61,8%, ушул жерджин салыгы 90,2% айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык 52,0%, сатуудан түшүүчү салык 89,2% болду.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жан – Булак майыл округунун 2016 — жылдагы бюджетинин кирешелери боюнча 5206,7 миң сомго, чыгымдоолор боюнча 5376,1 миң сомго, ал эми атайын эсеп – счет боюнча киреше жагы 229,0 миң сом, чыгаша жагы 241,6 миң сомго аткарылган отчету кабыл алынсын.
- 2017 – жыл үчүн айыл округунун бюджетинин кирешелер жанав чыгашалар боюнча 4249,8 миң сомго белгиленип жаткан жалпы сметасы бекитилсин.
Анын ичинде:
- Эмгек акыга — 2142,0 миң сом же:
а) АУП 11 (он бир) штаттык бирдик, эмгек акысы – 1886,4 миң сом.
б) библиотекада 1 (бир) штаттык бирдик,эмгек акысы — 80,6 миң сом
в) клубда 3(үч) штаттык бирдик, эмгек акысы – 175,0 миң сом
- социалдык фонд үчүн — 316,6 миң сом
- бала бакчанын тамак – ашына — 214,3 миң сом
- калган башка чыгымдарга — 572,3 миң сом
- көмүр алууга — 620,0 миң сом
- электр энергияга — 299,6 миң сом
- атайын каражат боюнча — 85,0
3.Жогорудагы белгиленген, бюджеттин жалпы — 4249,8 миӊ сом каражатына тиешелүү смета түзүү аны түздөн — түз аткарууга алуу – айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
- Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджети үчүн 2018 – 2019 — жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча төмөнкүдөй божомолу бекитилсин.
- Киреше боюнча: 2018 – жылга — 4306,9 миӊ сом
2019- жылга — 4477,3
- Чыгымдоо боюнча::
№ | Бөлүмдүн аталышы | 2018- жылга | 2019 — жылга |
1 | Башкаруу аппаратына | 2731,5 | 2749,9 |
2 | Маданият тармагына | 504,2 | 608,2 |
3 | Билим берүү тармагына | 1071,2 | 1019,2 |
4306,9 | 4477,3 |
- Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2017 – жыл үчүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн — 40755 0 сом болгон сметасы бекитилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды, токтомду жактап Жан – Булак айылдык Кенешинин 10 (он) депутаты беришти. Каршы – калыс жок.
төрага А.Эшимбеков