Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ

shapka-janbulak

18 –декабрь  2019 – жыл                                                                                                         Жан – Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII-   чакырылышынын депутаттарынын  17- сессиясынын

№ 17 Токтому

Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ   айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ                       

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамдын 20 – беренесине  жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына  айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби  жɵнүндɵ”Мыйзамынын 3 – беренесине ылайык, Мыйзам жана укук  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун  угуп жана  талкуулап, Жан – Булак айылдык кенеши

                                                   Токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын аныктоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ келишим  №1 – тиркемеге ылайык бекитилсин. Жана келишим 2020 – жылдын  1  — январынан  тартып күчүнɵ кирсин.
  1. Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты  жана жарандык абалдын актыларын аныктоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жан – Булак айыл ɵкмɵт аймагында аткаруу милдетине экономист- статист Чокоева Наргиза бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жана аткаруу жагы Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы  Д.Шеримбековго  милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом Жан  — Булак айыл ɵкмɵтүнүн jan- bulak. Naryn – region. kg расмий сайтына жарыяланган күндɵн баштап күчүнɵ  кирет.

                       Тɵрага                                                                                                   Т.Бекбоев

Добавить комментарий