26 – декабрь 2019 – жыл Жан – Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 18- сессиясынын
№ 18 Токтому
Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ республикалык бюджеттен түшкɵн кошумча каражатты пайдалануу жɵнүндɵ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады.
Өзүнүздɵр билгендей 2019- жылдын бюджети ɵтɵ тартыштык менен бекитилген. Эн негизги корголгон статьяларды толук сметага киргизе алган эмеспиз. Анткени бюджеттин киреше бɵлүгүндɵ — киреше салыгы 1288,0 мин сом жана сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом болуп коюлган.Бирок, бул кирешелерди аткарууга биздин айыл ɵкмɵтүбүздɵ база (источник) жок болчу. Азыркы күндɵ салыктын башка түрлɵрү дээрлик аткарылуу алдында турат. Ал эми киреше салыгы 66,7 мин сом, же 51,8% сатуудан түшкɵн салык 3,0 мин сом же 3,1 % ке аран аткарылып турат. Ошондо киреше салыгы 620,4 мин сом, сатуудан түшүүчү салык 657,0 мин сом аткарылбай калат. Экɵɵ биригип 1577,4 мин сом. Ушул эле учурда бюджеттин чыгымдоо жагынын корголгон жана корголбогон статьялары аткарылбай, карыз кɵбɵйүүдɵ.Ошондуктан ушул каражатты туура карап, максаттуу болуп бериниздер. Андан сон депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты. Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап жана сɵзгɵ чыгып сүйлɵгɵн депутаттардын сунуш – пикирлерин угуп Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
- Жан — Булак айыл ɵкмɵтүнүн счетуна түшкɵн каражат тɵмɵнкү максаттарга бɵлүнсүн:
АУПка: Эмгек акысына — 213,7 мин сом
Соц.фондго — 35,0 мин сом
Компьютерлерди тейлɵɵгɵ — 16,4 мин сом
Башка кызмат кɵрсɵтүүлɵргɵ — 182,1 мин сом
Конц.жана хоз. Материал алууга — 9,6 мин сом
Бардыгы: 456,8 (тɵрт жүз элүү алты мин сегиз жүз ) сом
- Бул суммаларга тиешелүү смета түзүү жана ɵз багыты менен тез пайдалануу камсыз кылуу – айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын. Мурда бул суммалардын ичинен сметада каралгандары жана ушул күнгɵ чейин аткарылбай тургандары ушул токтомдун негизинде жокко чыгарылсын.
- Бул суммаларга тиешелүү смета түзүү жана ɵз багыты менен тез пайдалануу камсыз кылуу – айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Тɵрага Т.Бекбоев