4-сентябрь 2019 -жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 11- сессиясынын
№ 11 Токтому
Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнүн жыл башына калган калдык акчасын пайдалануу жɵнүндɵ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады:Жан – Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебин толук капиталдык ремонтто ɵткɵрүү үчүн б.а эшиктерин, бүт алмаштырып,мектептин алдын толук брусчатка менен түздɵɵ дубалдарын обшивкалоо үчүн 17,0 млн сом ɵлчɵмүндɵ проект түздүрүлгɵн. Жалпы сметанын 1%ти проектини тɵзгɵн тарапка тɵлɵнмɵк.Бирок, проектинин колго алганыбызга карабастан, каражаттын тартыштыгынан бир сом да тɵлɵнɵ элек. Кийин ɵз ара түшүнүшүүгɵ келип, азырынча жалпы нарктын 0,5% тин которуп берүү жɵнүндɵ макулдашылды. Бул – 85,0 (сексен беш) мин сом. Ошондуктан Сиздер ушуну чечип берсениздер деген ойдобуз. Калган 0,5 тин проектинин толук ишке ашыргандан кийин которсок болот. Андан кийин депутаттар бул боюнча суроолорду беришти жана тиешелүү жооп алышты. Күн тартибиндеги меселени карап, талкуулап жана жарыш сɵзгɵ чыгып сүйлɵгɵн депутаттардын сунуш — пикирлерин угуп Жан — Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат :
- Жан- Булак айыл ɵкмɵтүнүн эсеп – счетундагы жыл башына калган каражаттан 85,0 (сексен беш) мин сом аллынып, мектептин капиталдык ремонтун жүргүзүү үчүн түзүлгɵн сметалык проектисин (ПСД) түзгɵн тарапка которулуп берилсин.
- Бул суммага тиешелүү смета түзүү жана аны ɵз багыты менен которууну камсыздоо айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.
Тɵрага Т.Бекбоев