28– май 2020– жыл Жан – Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9- сессиясынын
№ 9 Токтому
Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнүн эсеп- счетундагы калдык каражаттан пайдалануу жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун айылдын кɵчɵлɵрүн жарыктандыруу үчүн түнкү чырактарды койдурууга байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан — Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Айыл ɵкмɵтүнүн жыл башына калган каражатынан 53,8 (элүү үч мин сегиз жүз) мин сом бɵлүнүп, кɵчɵ жарыктарын койдуруу үчүн пайдаланылсын.
- Бɵлүнгɵн каражатка тиешелүү смета түзүүжана аны аткарууга алуу ,айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага жана башкы адис У.Буудайчиевге тапшырылсын .
- Учурдагы “Ɵзгөчө Кырдаал” абалына байланыштуу ,бул каражатка тендер жарыялабастан ,материалдар түз келишим түзүү аркылуу алынсын.
Тɵрага: Т .Бекбоев