Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ

shapka-janbulak

23–март   2020– жыл                                                                                                            Жан – Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

ХXVII-   чакырылышынын депутаттарынын  6- сессиясынын

№ 6/1 Токтому

Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун  жерлерин ижарага берүү  жɵнүндɵ

            Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун  жерлерин ижарага берүүнүн шарттары  жана тартиби жɵнүндɵ  типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду  жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтому ,   Кыргыз Республикасынын   2002 — жылдын 11-майындагы  378  Мыйзамына ылайык    Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн жер боюнча комиссиясынын  19-март 2020-жылдагы чечиминин негизинде    Жан  — Булак айылдык Кенешинин   сессиясы  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын 2002 — жылдын 11-майындагы  378  Мыйзамына ылайык   КБФнын    25 %  айыл чарба жерлери    Жан-Булак  айыл аймагындагы кооперативдерине , үрɵнчүлүк ,асыл тукум   чарбаларына  берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары  жана тартиби жɵнүндɵ  типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду  жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтомуна ылайык  Айыл чарба жерлеринин  мамлекеттик фондунун  жерлеринен «Улгү »үрɵɵнчүлүк жана асыл тукум мал ɵстүрүү кооперативине 28,5 га , «Жийде-Бак» үрɵн чарбасына 22,0 га жер  «Жекшенбек »кооперативине, 10,0 га жер  «Талгат » тех сервисине , 15,0га  жер   «ЭГАДАС »кооперативдерине    6,5  га жер  аянттары , түз берүү жолу менен ижарага    5 жылдык мɵɵнɵт менен  берилсин.

3.Жогорудагы   үрɵнчүлүк ,асыл тукум ,айыл чарба кооперативдери жылына бир жолу аткарылган иштери  боюнча маалымат берип турулсун

  1. Ушул токтом Жан-Булак айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп,janbulak.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы ɵзүмɵ калтырылсын.

 

        Төрага:                                                                                                       Т.Бекбоев

 

Добавить комментарий