Жан – Булак айылы 16-июль 2021 – жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын (мелиорация системаларынын) курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категорияларын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 15.04.2019-жылдагы №5 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын (мелиорация системаларынын) курулушуна жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын (мелиорация системаларынын) курулушуна, Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагына тийиштүү жер аянттарын бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №145 мыйзамынын 7-беренесине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна таянып, Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги №5 токтомуна толуктоолор киргизилсин..
2.“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарын (мелиорация системаларын) куруу үчүн, Нарын районунун Жан-Булак аймагында жайгашкан, жалпы аянты 58,84 га мамлекеттик менчигиндеги жерлерди (0,8 га чөп чабынды (контур №42-0,8 га), 33,18 га жайыт (контур №5-3,1 га, №9-0,3 га, №17-0,6 га, №20-2,5 га, №21-1,5 га, №21-0,1 га, №21-0,1 га, №22-0,5 га, №26-2,1 га, №27-0,7 га, №28-1,6 га, №29-3,4 га, №30-0,5 га, №34-1,0 га, №39-0,1 га, №40-0,3 га, №41-0,6 га, №43-0,7га, №48-1,5 га, №48-1 га, №1923-0,1 га, №1924-0,2 га, №1925-1,3 га, №1927-0,7 га, №1928-0,9 га, №1929-5,8 га, №2020-0,6 га, №2024-1,38 га), 2,7 га токой аянттары (контур №18-1,7 га, №19-0,3 га, №31-0,5 га, №32-0,2 га), 12,76 га дарактар-бадалдар (контур №5-3,4 га, №8-0,4 га, №20-6,1 га, №41-0,4 га, №202-0,2 га, №1926-0,8 га, №2022-1,46 га), 0,2 га жолдордун, мал айдап чыгуучу жолдордун, аянттардын астында (контур №29-0,1га, №30-0,1 га), 0,5га курулуш алдындагы, короо алдындагы, көчөлөр алдындагы (контур №38-0,5 га), 8,7 га башка жерлер (контур №1-0,9 га, №2-0,8 га, №3-2,1 га, №4-1,7 га, №6-0,5 га, №7-0,1 га, №10-0,2 га, №32-2,4 га)) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Суу фондусунун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Нарын районунун Жан-Булак аймагында жайгашкан, жалпы аянты 0,66 га мамлекеттик менчиктеги жерлерди (жайыт 0,42 га (контур №2023-0,14 га, №2025-0,28га), 0,24 га дарактар-бадалдар (контур №2022-0,24га) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
4.Нарын районунун Жан-Булак аймагында жайгашкан, жалпы аянты 78,6 га мамлекеттик менчиктеги токой жерлерин “Токой фондусунун жерлери” категориясынан, “Суу фондусунун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин (экспликациясы тиркелет).
5.Нарын районунун Жан-Булак аймагында жайгашкан, жалпы аянты 0,4 га мамлекеттик менчиктеги Нарын-Баетов автоунаа жолун (контур №2020-0,4 га) “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан, “Суу фондусунун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
6.Ушул токтомдун 1, 2, 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн аянт 138,5 га жер, анын ичинен 59,5 га жер айыл чарба багытындагы жерлер, 0,4 га жер өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер 78,6 га жер токой фондусунун жерлер категориясынан суу фондусунун жерлери категориясына которуунун негизи: “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коому кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСин жана сугат жер аянттарын 4650 гектардан 6769 гектарга жеткирүүгө жана эффективдүү эмес насостук станцияны жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк жарата турган айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарын (мелиорация системаларын) куруу.
7.Ушул токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо иши Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага Э.Мамбеткулов