Жан Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2013 – жылдын 20 – майындагы кезексиз III сессиянын № 6 токтому менен бекитилген

титул

Жан Булак айыл аймагынын  айылдык кенешинин

2013 – жылдын  20 – майындагы   кезексиз  III

сессиянын  № 6  токтому  менен  бекитилген

 

 

 

 

 

 

Жан Булак айыл   аймагынын  айыл  өкмөтү  жөнүндө    Жобо

 

 

 

I.Жалпы  жоболор

II.Айыл өкмөтүнүн  структурасы

III.Айыл  өкмөтүнүн  компентенциясы

IV.Айыл өкмөтүнүн  негизги  функциялары

V.Айыл өкмөтүнүн  башчысы

VI.Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  айгарым  укуктары

VII.Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басары

VIII.Айыл  башчысы

IX.Айыл өкмөтүнүн   финансылык  —  экономикалык  негиздери

X.Айыл өкмөтү  жөнүндө  жобосуна  толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү  киргизүү  тартиби

XI.Айыл  өкмөтүнүн  ыйгарым  укуктарын  токтото  туруу

 

 

I.Жалпы  жоболор

 

1.1.   Айыл өкмөтү – жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруу  органы  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  өкүлчүлүктүү  органынын  чечимдерин  даярдоону  жана  аткарууну камсыз  кылуу  үчүн  түзүлгөн  орган.  Айыл  өкмөтү  Кыргыз  Республикасына  ылайык  ишке  ашыруучу, ошондой  эле,  аймактын  жашоо  тиричилигин   камсыз  кылуу   системасынын  иштешин  ующтуруу  жана  өнүктүрүү,  социалдык  —  экономикалык   пландаштыруу  жана  калкка  социалдык  жана  маданий  кызмат  көрсөтүүчү  орган  эсептелинет.

1.2.  Айыл өкмөтү   бир айылдык  кенеш  — бир  айыл  өкмөтү  принцибинде  түзүлөт.

1.3.   Айыл  өкмөтү  өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  Кыргыз  Республикасынын  Конститутциясынын,  мыйзамдарын, Президенттин   Жарлыктарын, Өкмөттүн   токтомдорун,  жергиликтүү  кенештин  чечимдерин,  мамлекеттик   администрациясынын  чечимдерин жана  ушул  Жобону  жетекчиликке  алат.  Айыл өкмөтү  мамлекеттик  бийлик  органдары  менен   тыгыз  өз  ара  аракеттенүүдө  иштейт, Кыргыз  Республикасынын  жарандарынын  мамлекеттик  жана  жергиликтүү  маанидеги  маселелерди  чечүүгө  болгон  конституциялык  укуктарын  жүзөгө  ашыруучу  шарт  түзөт.

1.4.  Айыл өкмөтү  өзүнүн  ишин  жергиликтүү  жамаат  менен, коомдук  уюмдар  менен  тыгыз  байланышта  жүргүзүп,  жарандардын  жергиликтүү  маанидеги  маселелерди  чечүүдөгү  Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы  менен  кепилдикке   алынган  укугун   жана  чыныгы  жөндөмдүүлүгүн  ишке  ашырууну  камсыз  кылат.

1.5.   Айыл өкмөтү  өзүнүн  ишмердүүлүгүн  төмөндөгү  принциптерде  ишке  ашырат:

1)  мамлекеттик  бийлик  органдарынын  жана  жергиликтүү   өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  иш – милдеттеринин  жана  ыйгарым  укуктарынын  ажырымдоонун;

2)     жергиликтүү   өз   алдынча  башкаруу   органдарынын  жергиликтүү    жамааттын  алдында  ачыктыгы  жана  жоопкерчиликтүүлүгү   жана  алардын  өз  иш – милдеттерин  жергиликтүү  жамааттын  кызыкчылыктарында  жүзөгө  ашырышы;

3)  мыйзамдуулук  жана   социалдык  адилеттүүлүк;

4) өзүн —  өзү    камсыз  кылуу,  өзүн  — өзү  жөнгө  салуу  жана  өзүн —  өзү  каржылоо;

5)  жарандардын  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  тутуму  аркылуу,  ошондой  эле  жарандардын  жыйындары,  чогулуштары  жана  курултайлары  аркылуу  эрктерин  билдиришти;

6)  жергиликтүү жамааттардын  укуктарын  жана  мыйзамда  корголгон  кызыкчылыктарын  коргоо;

7)  коомдук  ой – пикирдин  ачыктыгы  жана  эсепке  алынышы;

8)  тиешелүү  маселелерди  чечүүдө  коллегиялуулук,  эркин  талкулоо.

1.6  Айыл өкмөтү  юридикалык  жак  болуп  эсептелинет,   гербдүү  мөөрү,  тийиштүү   штамптары  болот.

1.7  Айыл өкмөтүнүн  уюштуруу —  укуктук  формасы – мекеме

  1. 8. Мекеменин толук аталышы:  мамлекеттик  тилде  —  «  Жан Булак  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү»  мекемеси,  расмий  тилде —  Учереждение  «  Айыл  өкмөт  Жан  Булакского  айылного  аймака».
  2. 9. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан   жери:  Кыргыз  Республикасы,  Нарын  облусу,  Нарын району,  Жан Булак  айылы,    А. Белеков  көчөсү, 34 – үй.

 

 

  1. Айыл   өкмөтүнүн    структурасы

 

 

2.1   Айыл  өкмөтүнүн  структурасы,  штаттык  саны  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  тарабынан  аныкталып  бекитилет.

2.2   Айыл өкмөтү  айыл   өкмөтүнүн  башчысынан,  анын  орун  басарынан  жана  айыл өкмөтүнүн  аппаратындагы  муниципалдык    кызматкерлерден,  айыл  башчыларынан  турат

2.3   Айыл  өкмөтүнүн   аппараты  айылдык  кенештин  депутаттарына  өздөрүнүн  ыйгарым  укуктарын   жүзөгө  ашырууда,  шайлоочулардын  алдында  отчетторун  даярдоодо  жана  өткөрүүдө  көмөк  көрсөтөт.

2.4   Айыл өкмөтү  өзүнүн  ишинде  тийиштүү  айылдык  кенешине, ал эми  өткөрүлүп  берилген   малекеттик  ыйгарым  укуктары  боюнча  тийиштүү  мамлекеттик  органдарга  отчет  берет

2.5   Өзүнчө  жашашкан  калктуу  конуштардын  жергиликтүү  маанидеги  маселелерин   оперативдүү    чечүүнү  уюштуруу  максатында  айылдык кенешинин  чечими  боюнча  айыл  башчысынын  кызмат  орду  киргшизилиши  мүмкүн.

2.6   Айыл өкмөтү  өзүнүн  компетенциясына  кирген  маселелер  боюнча  кабыл  алган  чечимдерге  айыл  өкмөтүнүн  башчысы кол  коет.

2.7   Айыл  өкмөтүнүн  ыйгарым  укуктарынын  чегинде  чыгарган  актылары  тийиштүү  аймакта  милдеттүү  түрдү  аткарылууга  тийиш.

2.8  Жарандардын  жана  юридикалык  жактардын  укуктарына  жана  милдеттерине  тиешелүү  айыл  өкмөтүнүн  чечимдери  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  күчүнө  кирет

 

 

III.   Айыл  өкмөтүнүн  компетенциясы

 

 

Айыл  өкмөтү:

1)аймакты  социалдык  —  экономикалык  жактан  өнүктүрүч  программаларынын  долбоорун  иштеп  чыгат  жана  алар  айыл  кенеши  тарабынан   бекитилгенден кийин  аткарылышын  камсыз  кылат;

2)  жергиликтүү  бюджеттин  долбоорун  иштеп  чыгат,  ал  айыл  кенеши  тарабынан  бекитилгенден кийин  аны  аткарат;

3) тарыхтын,  архитектуранын  жана  маданияттын  эстеликтерин  коргоо  боюнча  иш  —  чараларды  жүзөгө  ашырат;

4)жаны  жумуш  орундарын  ачуу  боюнча  иш —  чараларды  иштеп  чыгат, жүзөгө  ашырат;

5)  ишканаларды  менчиктештирүүгө  жана  айыл  өкмөтүнүн балансына  социалдык  маданий – тиричилик  жана  чарбалык  маанидеги   объекттерди  жана  алардын  иштешине  зарыл  жабдуу —  шайманды  өткөрүп  берүүгө  катышат;

6)  турак  жай  фондун,  турак  жай —  коммуникалдык  чарбаны  өнүктүрүч  жана  аймакты  абат  кылуу  боюнча  иш – чараларды  иштеп  чыгып,  жүзөгө  ашырат;

7)  муниципалдык  менчикте  турган  жерлерди, ошондой  эле  Айыл  чарбасына  жарактуу  жерлерди  кайра  бөлүштүрүү  фондунун  жерлерин  акыл – эстүү   пайдалануу  боюнча  иш  — чараларды  иштеп  чыгат, жүзөгө  ашырат;

8) аймакка  курулуш  куруунун  башкы  планын  иштеп  чынып,  жүзөгө  ашырат,  архитектуранын   жана  шаар  куруунун  нормалары  менен  эрежелеринин  сакталышына  контролду  ишке  ашырат;

9) жаратылыш  кырсыктарынын,  өзгөчө  кырдаалдардын  алдын  алуу  жана  четтетүү,  алардын  кесепеттерин  жоюу  боюнча  мобилизациялык  жана  уюштуруучулук —  практикалык  иш  —  чараларды  жүзөгө  ашырат;

10) Кыргыз  Республикасынын   мыйзамдарына  ылайык  дагы  башка  иш – чараларды  жүзөгү  ашырат.

 

 

 

  1. Айыл өкмөтүнүн  негизги  функциялары

 

4.1  Аймактын  жашоо —  турмушунун   тутумунун   иштешин  жана  өнүгүшүн, социалдык – экономикалык  пландаштырууну  уюштуруу  менен  калкка  социалдык жана  маданий  кызматтарды   көрсөтүүнү  уюштуруу  үчүн  айыл  өкмөтүнүн  карамагына  төмөнкү  маселелери  таандык  кылынат;

1) тиешелүү  аймактын  экономикалык  өнүгүшүн  камсыз  кылуу,  ошондой  эле  инвестицмияларды  жана  гранттарды  тартуу;

2)  муниципалдык  менчикти  башкаруу;

3)  жергиликтүү  бюджетти  түзүү,  бекитүү  жана  аткаруу;

4)  калкты  ичүүчү  суу  менен  жабдуу;

5)  калктуу  конуштарда  канализация  жана  тазалоочу  курулмалардын  тутиумунун  ишин  камсыз  кылуу;

6)  калктуу  конуштарда  муниципалдык  жолдордун  иштешин  камсыз  кылуу;

7) жалпы  пайдалануудагы  жерлерге  жарык  берүүнү  уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн  иштешин  жана  ырасым кызматтарынын  көрсөтүлүшүн  камсыз  кылуу;

9) жалпы  пайдалануудагы  жерлерди  көрктөндүрүү  жана  жашылдандыруу;

10)  парктардын,  спорттук  курулмалардын  жана  дем  алуу  жайларынын  иштешин  камсыз  кылуу;

11)   турмуш – тиричилик  калдыктарын  жыйноону,  ташып  кетүүнү  жана  керектен  чыгарууну  уюштуруу;

12)  муниципалдык  транспорттун  иштешин  камсыз  кылуу  жана  калктуу  конуштардын  чегинде  коомдук  транспорттун  иштешин  жөнгө  салуу;

13) жергиликтүү  маанидеги    маданий жана  жетишкендиктерди  сактоо;

14) жергниликтүү  маанидеги  китепканалардын  ишин  уюштуруу  жана  камсыз кылуу;

15)жер пайдалануу  эрежелерин  белгилөө  жана  шаар  куруу  менен  архитектуранын  ченемдерин  жана  эрежелерин  сактоону  камсыз  кылуу;

16)  тиешелүү  конуштун  аймагында  жарнакты  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары  менен  белгиленген  тартипте  жайгаштыруу;

17)  коомдук  тартипти  сактоо  көмөктөшүү;

18) элдик  көркөм  чыгармачылыкты  өнүктүрүү  үчүн  шарттарды  түзүү;

19) бош  убакытты  өнүктүрүүнү  уюштуруу  үчүн  шарттарды  түзүү;

20)  балдар  жана  жаштар  менен  иштөө  боюнча  иш – чараларды  жүзөгө  ашырууну   уюштуруу;

21)  дене  тарбиясын  жана  массалык  спортту  өнүктүрүү  үчүн  шарттарды  камсыз  кылуу;

22) өзгөчө  кырдаалдардын  алдын  алуу  жана  кесепеттерин  жоюуга  көмөктөшүү

4.2 Айыл  өкмөтүнө  айрым  мамлекеттик  укуктар  таандык  кылынышы  мүмкүн

4.3 Айыл  өкмөтүнө  айрым  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  берүү  берилип  жаткан  ыйгарым  укуктарды  ишке  ашыруунун  шарттарын  зарыл  болгон  материалдык  жанакаржылык  каражаттар  менен  бир эле  убакта  мамлекеттик  камсыз  кылуунун  тартибин  белгилеп,  мыйзамдын  же  келишимдин  негизинде  жүзөгө  ашырылат.

4.4  Мамлекеттик  бийлик  органдары  менен  айыл  өкмөтүнүн  ортосундагы келишимдин  негизинде  мамлекеттик  ыйгарым  укуктар  берилген  учурда   келишимдин  шарттары тиешелүү  айылдык  кенеш  тарабынан  бекитилүүгө  тийиш.

4.5 Мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  берүүгө  мамлекет  бир  эле  убакта  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  берүү  менен  жергиликтүү  бюджетке  республикалык  бюджеттен  максаттуу  трансферттерди  караган  же  берилген  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  жүзөгө  ашыруу  үчүн  зарыл  болгон  башка  каржылоо  булактардын аныктаган  учурларда  гана  жол  берилет.

4.6  Берилген  мамлекеттик   ыйгарым  укуктар  боюнча  айыл  өкмөтү  мамлекеттик  бийликтин  ыйгарым  укуктуу  органдарына  отчет  берет

4.7  Айыл  өкмөтүнө  берилиши  мүмкүн  болгон  негизги  малекеттик  ыйгарым  укуктарга  төмөнкүлөр  кирет;

1) калктын  жумуштуулугун  жана  миграцясынын  программаларын  иштеп  чыгуу  жана  аткаруу;

2)  жарандардын  эсебин  алуу  каттоосу,  паспорт  режиминин  эрежелерин  аткарылышына  көзөмөлдү  жүзөгө  ашыруу  жарандарды  белгиленген  тартипте  эсепке  коюну  жана   эсептен  чыгарууну  жүргүзүү,  шайлоочулардын  тизмелерин  түзүү;

3) Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жарандык  абалдын  актыларын  каттоо;

4)  мектептик,  мектепке  чейинки  жана  кесиптик  билим  берүү  жана  саламаттык  сактоо   чөйрөсүндө  кызматтарды  көрсөтүү  үчүн  имараттар  жана  башка  объкттер  мененкамсыз  кылуу;

5)  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  ноториалдык  аракеттерди  жасоо;

6)  жарандарга  инсандык,  үй- бүлөлүк, мүлктүк  абалын  ырастоочу  документтерди  жана  мыйзамдар  менен  каралган  башка  документттерди  берүү;

7)  аскерге  милдеттүүлөрдүн  жана  аскерге  чакыруучулардын  алгачкы  эсепке  алынышын  жүргүзүү,  аларды  аскердик  эсепке  кабыл  алуу  жана  эсептен   чыгаруу, аскердик  кызматка  чакырууну  уюштурууга  көмөктөшүү;

8) Айыл  чарбасына  жарактуу  жерлерди  кайра  бөлүштүрүү  фондунун  жерлерин  бөлүштүрүү  жана  пайдалануу;

9)  айыл  чарба  өндүрүш  келечектүү  өнүктүрүү  боюнча  материалдарды  жалпылоо,  айыл  чарба  продукциясын  өндүрүү  боюнча  экономикалык  божомолдорду  түзүү;

10)  ветеринардык  — санитардык,  эпизоотияга  каршы  иш – чараларды  жага  мал  чарбалыкта  селекциялык  — асыл  тукум  жумуштарын  өз  убагында  жүргүзүчнү  уюштурууга  көмөктөшүү;

11)  айыл  чарба  өсүмдүктөрүнүн  өсүндүлөрүн  тепсетүүгө  каршы  күрөшүү,  өстүрүлгөн  түшүмдү,  токой  коргоо  тилкелерин  жана  токой  массивин  сактоо  боюнча  тиешелүү  чараларды  камсыз  кылуу;

12)  салыктарды,  алымдарды  жана  камсыздандыруу  төгүмдөрүн  жыйноо;

13)  курчап  турган  чөйрөнү  коргоо  боюнча  иш – чараларды  иштеп  чыгуу  жана  жүзөгө  ашыруу;

14)  керектөөчүлөрдүн  укуктарын  коргоону  камсыз  кылуу

15)  тешелүү  аймакта  жылуулук  менен  жабдууну  уюштуруу;

16)  даректүү  социалдык  коргоону  уюштуруу  максатында  аз  камсыз  болгон  үй – бүлөлөрдү  иликтеп  билүү;

17) Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  белгиленген  тартипте  айыл  жерлериндеги  балдары  бар,  аз камсыз  болгон  үй – бүлөлөргө  ар ай сайын  берилүүчү  жөлөк  пулга  үй – бүлөнүн  муктаждык  даражасын  баштапкы  аныктоо;

18)  мыйзам   менен  белгиленген  башка  ыйгарым  укуктар.

 

 

  1.                                    Айыл  Өкүтүнүн  башчысы

 

5.1.   Жогорку  билими  жана  мамлекеттик  же  болбосо  муниципалдык  кызматта  2  жылдан  кем  эмес  иш  стажы,  же болбосо  билим берүүнүн,  саламаттык  сактоонун  мамлекеттик  мекемелеринде   же  уюмдардын,  мекемелердин  жана  жеке  менчик  чарбакер  субъекттердин  жетекчилик  кызматтарында  3  жылдан  кем  эмес  иш стажы  бар  аракетке  жөндөмдүү  Кыргыз Республикасынын  жараны  айыл  Өкмөтүнүн  башчысы  боло  алат.

5.2. Кылмыш  жасагандыгы  үчүн  соттуулугу  бар,  анысы  мыйзамда  белгиленген  тартипте  тындырыла  же  алып  салына  элек  Кыргыз  Республикасынын  жараны  айыл өкмүтүнө  башчы  болушу  мүмкүн  эмес.

5.3. Айыл  өкмөтүнүн  башчысы  айыл  кенешинин  депутаттары  (депутаты)  тарабынан  көрсөтүлүүчү,  ошондой  эле  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы (мындан  ары —  аким)  тарабынан  сунушталуучу  талапкерлердин  ичинен  жашыруун  добушберүү  жолу  менен  айыл  кенешинин  чакырылыш  мөөнөтүнө  айыл  кенешинин  депутаттары  тарабынан  шайланат.

5.4. Айыл өкмөтүнүн  башчысын  шайлоо  Борбордук шайлоо  комиссиясы  тарабынан  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  ыйгарым  укуктарынын  ал шайланган  мөөнөтү  аяктаганга  чейин  25  календардык күн  калгандан кечиктирбестен  дайындалат.

5.5. Айыл өкмөтүнүн  башчысы  ээлеген  кызмат  ордунан мөөнөтүнөн  мурда  бошотулган учурда  Борбордук  шайлоо  комиссиясы  бош орун  пайда  болгон  күндөн  тартып  бир жумалык  мөөнөттөн  кечиктирбестен  айыл  өкмөтүнүн  башчысын  шайлоону  дайындайт.

5.6. Айыл  өкмөтүнүн  башчысын  шайлоо  аймактык  шайлоо  комиссиясы  тарабынан  шайлоо  дайындалган  күндөн  тартып  25  календардык  күндүн  ичинде  өткөрүлөт.

5.7  Айыл  өкмөтүнүн  башчысын  шайлоо жергиликтүү  кенештин  депутаттары  тарабынан  жашыруун  добуш  берүү  жолу  менен  жүзөгө  ашырылат. Эгерде  ага  айылдык  кенештин  депутаттарын  далпы  санынын  кеминде  үчтѳн  экиси  катышса, айыл  өкмөтүнүн  башчысын  шайлоо  өткөрүлдү деп  эсептелет.

5.8 Тиешелүү  кенештин  депутаттарынын  жалпы санынын  көпчүлүк  добушун  алган  талапкер  шайланды  деп  эсептелет.

5.9. Эгерде:

— катталган  бир  талапкер,  депутаттардын  добуштарынын зарыл  болгон  санын  албай  калса, кайра  шайлоо  өткөрүлөт;

— эки  талапкер  катталса  жана  алардын  санын  алган бир  талапкер  боюнча  добуш  берүүнүн  экинчи  туру  өткөрүлөт.  Эгерде  биринчи  турда  эки  талапкер  депутаттардын добуштарынын  тен  санын  алып  калса,  кайра  шайлоо  өткөрүлөт;

—  экиден  ашык  талапкер  катталса жана  алардын бири да  депутаттардын  добуштарынын  зарыл болгон  санын  албай  калса,  добуштардын  көбүрөөк  санын  алган  эки  талапкер  боюнча  добуш  берүүнүн  экинчи  туру  өткөрүлөт. Эгерде    биринчи  турда талапкердин  добуштардын көбүрөөк  санын  алса,  ал  эми кийинки  эки   талапкер  добуштардын  санынын  азыраагын  же тенин  алса,  добуштардын  санынын  көбүрөөгүн  алган  бир талапкер  боюнча  добуш  берүүнүн  экинчи  туру  өткөрүлөт.

Эгерде  биринчи  турда бардыкталапкер  добуштардын тен  санын  алса,  кайра  шайлоо  өткөрүлөт.

5.10. Эгерде  талапкер  үчүн  дегенге  караганда  депутаттардын  добуштарынын  көпчүлүгү  «бардык  талапкерлерге  каршы»  позициясы үчүн  берилсе, кайра  шайлоо өткөрүлөт.

5.11.  Эгерде  добуш  берүү  күнүнө  карата  бир да  талапкер  катталбаса  же  болбосо  катталган  талапкер  шайлоого  катышуудан  баш  тартышса,  кайра  шайлоо  өткөрүлөт.

5.12. Борбордук шайло  комиссиясы  айыл өкмөтүнүн  башчысы  шайланбай  калган  күндөн  тартып  3  календардык  күндүн  ичинде  кайра  шайлоо  дайындалат.

5.13. Жаны талапкерди  көрсөтүү  менен  кайра  шайлоо  аймактык  шайлоо  комиссиясы  тарабынан  кайра  шайлоо  дайындалган күндөн  тартып  15  календардык  күндөн  кечиктирбестен  өткөрүлөт.

5.14. Эгерде   кворумдун  жоктугунан  шайлоо  болбой  калса,  Борбордук  шайлоо  комиссиясы  3  календардык  күндүн  ичинде  кайра  шайлоо  дайындайт. Мындай  учурда  кайра  шайлоо  мурда  каттоодон  өткөн  талапкер  боюнча  өткөрүлөт.

5.15. Айыл  өкмөтүнүн  башчысын  шайлонун  ушул  жободо  жөнгө  салынбаган  тартиби  жергиликтүү  кенештин  регламенти  менен  аныкталат.

5.16. Аймактык  шайлоо  комиссиясы  шайлоонун  натыйжаларын  жарыялайт  жана  тиешелүү  протокол түзөт.

  1. 17. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык  шайлоо  комиссиясынын  тиешелүү  күбөлүгү  берилет.

5.18. Эгерде тиешелүү  кенештин  депутаттары  тарабынан  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  белгиленген  мөөнөттө  шайланбай  калса,  Борбордук  шайлоо  комиссиясынын  сунушу  боюнча  Президент  жергиликтүү  кенешти  таратууну  жүзөгө  ашырат  жана  тиешелүү  жергиликтүү  кенешке  мөөнөтүнөн  мурда шайлоо  дайындалат.

5.19. Айыл  өкмөтүнүн  жаны  башчысы  шайланганга  чейин  райондук  акими өз тескемеси  менен  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  милдетин  аткаруучуну  дайындайт.

5.20. Айыл  өкмөтүнүн  башчысы  ээлеген  кызмат  ордунан  аким  тарабынан  төмөндөгүдөй  учурларда  мөөнөтүнөн  мурда  бошотулушу  мүмкүн.

1)  жеке  арызынын  негизинде

2) мыйзамдарды,  прокуратура  органдары  тарабынан  белгиленген  же  мамлекеттик  ыйгарым  укуктар  берилген  Президенттин  жана  θкмөттүн  ченемдик  укуктук  актыларын  аткарылбагандыгы же  талаптагыдай  эмес  аткаргандыгы  үчүн – айыл  кенешинин  депутаттарынын  жалпы  санынын  көпчүлүгүнүн  макулдугу  менен, а  мыйзамдар,  Президенттин  жана  θкмөттүн  прокуратура  органдары  тарабынан  белгиленген  ченемдик  укуктук  актыларын бузуу  фактылыры  кайталанган  учурда, —  айыл  кенешинин  депуттаттарын  кабардар  кылуу  менен;

3)  соттун  айыптоочу  өкүмү  күчүнө  киришинин  негизинде;

4) ал сот  тарабынан  аракетке  жөндөмсүз  деп  табылган  учурда;

5) соттун  өлдү,  дайынсыз   жок болду,  ошондой  эле  өлгөн  деп  жарыялоо  жөнүндө  чечими  мыйзамдуу  күчүнө  кирген учурда;

6) Кыргыз  Республикасынын  чегинен  тышкары  жактарга  туруктуу  жашоо  үчүн  чыгып  кеткен  учурда;

7)  Кыргыз  Республикасынын  жарандыгынан   чыккан,  Кыргыз  Республикасынын  жарандыгын  жоготкон  же  чет  мамлекеттин  жарандыгын  алган учурда;

8) жылыш  болбогон  эмгекке  жараксыздыгын  кесепетинен  өзүнүн  кызматтык  милдеттерин  аткарууга  мүмкүнчүлүгү  жок  болгон  учурда;

9) айыл  кенешинин  депутаттарынын  жалпы  санынын  үчтөн  эки  добушу  менен  ишенбестик  билдирилген  учурда;

10) тараптардын (Тиешелүү  мыйзамдын  алынышы,  мыйзамдарда  каралган  дагы  башка  жагдайлар)  эрк – ниетине  көз  карандысыз  болгон  жагдайлар  боюнча.

5.21. Айыл өкмөтүнүн  башчысына  айыл  кенеши  тарабынан  ишенбестик  билдирилген  учурда  ким  кызмат  ордунан  мөөнөтүнөн  мурда  бошотуу  же  айыл кенешинин  чечимине  макулдук  бербөө  жөнүндө  чечим  кабыл  алууга  укуктуу.

5.22.  Айыл  өкмөтүнүн  башчысына  айыл  кенешинин  депутаттары  тарабынан  кайра  ишенбестик  билдирилген  учурда  аким  аны  3  айдын  ичинде  ээлеген  кызматынан  бошотот.

5.23. Айыл өкмөтүнүн  башчысын  кызмат  ордунан  мөөнөтүнөн  мурда  бошотулган  учурда аким жаны  айыл  өкмөтү  шайланганга  чейин  өзүнүн  акты  мнен  айыл  өкмөтүнүн  милдетин  аткаруучуну  дайындай  алат.

 

  1. VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын  ыйгарым  укуктары

 

6.1 Айыл өкмөтүнүн  башчысы:

1) Айыл өкмөтүнүн  ишине  жетекчилик  кылат  жана  анын  натыйжаларына  жооптуу болот;

2)айыл кенешине  жергиликтүү  бюджнттин  долбоорун  сунуштайт, жарым  жылда  бирден  кем  эмес  кенештин  алдында  айылдагы  иштин жалпы  абалы,  жергиликтүү  бюджеттин  аткарылышы  жана  муниципалдык  менчиктин пайдаланышы,  аймактын  социалдык – экономикалык  өнүгүшүнүн  программаларынын  аткарылышы  жана  калктын социалдык  жактан  корголушу  жөнүндө  отчет  берет;

3) берилген мамлекеттик  ыйгарым  укуктардын  талаптагыдай  аткарылышы атеарылышын  уюштуруу үчүн  жеке  жооптуу  болот;

4) айыл кенешине Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жергиликтүү  салыктарды  жана  жыйымдарды  киригизүү  боюнча  сунуш  киргизет;

5) өздөрүнүн  милдеттерин  талаптагыдай  аткарбаган  учурда  мамлекеттик  мекемелер менен уюмдардын  тиешелүү  аймактык  бөлүмдөрүнүн  жетекчилерин  кызмат  ордунан  четтетүү  жөнүндө  маселе  коюга  укуктуу;

6) тиешелүү  аймактык  мамлекеттик  мекемелердин  жетекчилерин  дайындоого  макулдук  берет;

7) Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басарын,  айыл  өкмөтүнүн  аппаратынын  кызматкерлерин  кызматка  дайындайт  жана  андан  бошотот;

8) жергиликтүү  маанидеги  маселелерди  чечүү  боюнча ыйгарым  укуктарды , ошондой эле  айыл кенештин карамагына  таандык  кылынган  маселелерди  кошпогондо,  берилген  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  ишке ашырат;

9) Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  дагы  башка  маселелелрди  чечет.

 

VII. Айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун  басары

 

7.1 Айыл өкмөтүнүн  башчысынын    орун  басары  ал жок  болгон  учурда  анын  ордуна  иштейт  жана айыл  өкмөтүнүн  башчысы  тарабынан  жүктөлгөн  милдеттерди  аткарат.

7.2 Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басарынын  кызмат  орду  жок  болгон учурда    башчынын  милдеттерин  убактылуу  аткаруу  айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысына  жүктөлөт.

7.3 Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  коюлуучу  талаптар  жөнүндө  жоболор  бирдей  өлчөмдө  анын  орун  басарына  да  колдонулат.

7.4 Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун басары  айыл өкмөтүнүн  башчысы  тарабынан  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  ыйгарым  укуктарынын  мөөнөтүнө  дайындалат.

7.5  Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун басарын  кызмат  ордунан  боштуу  администрациялык кызмат  орундарын  ээлеген  муниципалдык  кызматчылар  үчүн  каралган  негиздер  боюнча  жана  тартипте  айыл өкмөтүнөн  башчысы  тарабынан  жүзөгө  ашырылат.

7.6 Айылдык кенеш  ушул  Жобонун  5.20. бөлүгүнүн    1 жана  2 – пункттарында  көрсөтүлгөн  негиздер  боюнча  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  тарабынан  милдеттүү  түрдө  аткарууга  жаткан  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басарын  депутаттардын  жалпы  санынын  үчтөн  экисинин  добушу  менен  бошотуу  жөнүндө  сунуш  киргизүүгө  укуктуу.

7.7  Жергиликтүү  кенештин  сунушу  боюнча  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  айыл өкмөтүнүн  орун  басарынын    бошотпогон  учурда  сунуш  киргизилген  күндөн  тартып,  10  жумушчу  күндүн  ичинде  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басары  ээлеген  кызматынан   бошотулду  деп  эсептелет.

7.8 Айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  орун  басары  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын  алдында  аткаруучу  иш- милдети  үчүн жооптуу  болот.

 

VIII. Айыл  өкмөтүнүн  башчысы

 

8.1 Айыл  кенешинин  чечими  боюнча  өзүнчө  жайгашкан  калк  конуштардын  жергиликтүү  маанидеги  маселелерин  ыкчам  чечүүнү  уюштуруу  максатында  айыл  кенешинин  чечими  боюнча  айыл  башчысынын  кызмат  оруну  киргизилсе  болот.

8.2 Айыл  башчысы   калыптанган  каада —  салттар  боюнча  калк  конуштун  аймактык  өзгөчөлүктөрүнөн  чыгып, айыл  өкмөтүнүн  чечими   менен  берилген  иш – милдеттерди  аткарат.

8.3 Айыл башчысы  тиешелүү  аймактагы  тургундардын  жыйындарынын  макулдугу  менен  айыл  башчысы  тарабынан  дайындалат   жана  муниципалдык  кызматчы  болуп  эсептелет.

8.4 Эгерде  калк  конуштан  айылдык  кенешке  депутаттар  шайланбаса,  айыл  башчысы  жергиликтүү  кенештин  жыйналыштарына  кенеш  берүүчү  добуш  укугу  менен  катышууга  укуктуу.

 

  1. IX. Айыл өкмөтүнүн финансалык  —  экономикалык  негиздери

 

9.1 Айыл  өкмөтүнүн  финансалык  — экономикалык  негизин  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары  менен  жергиликтүү  жамаатарга  бекитилген  кирешенин  салыктык  жана  бейсалык  булактары, муниципалдык мүлк,  баалуу  кагаздар,  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  белгиленген       өткөрүп  берилген  жана  жергиликтүү  жамааттын  кызыкчылыктарын  жана  муктаждыктарын  канааттандыруу  үчүн  алардын  аймагынын  чек арасында  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  тарабынан  пайдаланылуучу  иш – каналар,  уюмдар  жана мекемелер түзөт.

9.2  Айыл өкмөтүнүн  мамлекеттик  органдар,  жергиликтүү   өз  алдынча  башкаруунун  жана  башка  рогандары,  юридикалык  жана  жеке  жактар  менен  финансалык  жана  экономикалык  мамилелери, ошондой эле  жергиликтүү  бюджетти  жана  бюджеттен  тышкары  фонддорду  түзүү жана  аткаруу  тартиби  менен  принциптери  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары менен  жөнгө  салынат.

  1. X. Айыл өкмөтү жөнүндө  жобосуна  толуктоолорду,  өзгөртүүлөрдү

киргизүү  тартиби.

10.1. Айыл  өкмөтү  жөнүндө  жобосуна  толуктоолорду,  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жергиликтүү  кенештин  чечими  менен  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары  менен  белгиленген  тартипте  киргизилет.

10.2. Айыл өкмөтү  жөнүндө  жобосу  жергиликтүү   кенештин  чечими  менен  бекитилет.

10.3. Айыл өкмөтү  жөнүндө  жобосуна  толуктоолор,  өзгөртүүлөр  киргизилген  учурда  ал  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  мамлекеттик  кайра  каттоодон  өтүүгө  тийиш.

 

  1. XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым  укуктарын  токтото  туруу

 

11.1 Айыл  өкмөтү  Конституцияга, белгиленгентттартипте  кабыл алынган  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  жана  башка  ченемдик  укуктук  актыларына  алайык  келбеген  актыларды  чыгарууга,  конституциялык  түзүлүшкө  жана  улуттук  коопсуздукка  тикелей коркунуч  келтирүүчү  аракеттерди  жасоого,  укуксуз.

11.2 Жогорууда  көрсөтүлгөн  тартип  бузуулар  жасалган учурда,  Кыргыз  Республикасынын  Президенти   Кыргыз  Республикасынын  θкмөтү    Конституцияда ,  өзгөчө  абал жөнүндө  конституциялык  мыйзамда  каралган  чараларды көрүүгө,  анын  ичинде  буга күнөөлү  айыл өкмөтүнүн  ишин  токтото  турууга  жана  соттук  чечим  чыгарылганга  чейин  ушул аймакка  тикелей  мамлекеттик  башкаруу  киргизүүгө  укуктуу. Тикелей  мамлекеттик  башкаруу  киргизүүнүн  тартиби  жана  мындай  башкаруунун режими  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  θкмөт  тарабынан  аныкталат.

11.3 Тикелей  мамлекеттик  башкарууну  киргизүү  менен  θкмөт  анын  аткарылышын  камсыз  кылат  жана  зарыл  болгондо  айыл  өкмөтүнүн  укук  ченемсиз  актыларын  жокко  чыгаруу  үчүн  сот  органдарына  кайрылат.

 

 

 

Добавить комментарий