Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ №6

фирм_бланк

Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык Кенешинин   кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ №6

    Жан – Булак айылы                                                                         8- июнь   2016-жыл.                                                                                  

Жан-Булак айыл аймагынын 2030-жылга чейин  туркутуу өнүктүрүү концепциясынын долбоорун  жана 2018-2023-жылдардын мезгилине чейин  туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу  боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө.

 

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Р.Акунов сессияны ачып ,жумушчу топ түзүү боюнча сөздү Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Өмүрзаковго сөз берди.

А.Өмүрзаков депутаттарга  жогорудагы туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууга  жумушчу топтун курамын сунуштады.

Жогорудагы маселени карап чыгып  талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

—  Жан-Булак айыл аймагында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү концепциясынын долбоорун жана 2018-2023-жылдардын мезгилине чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлсүн.(1 тиркеме) .

—  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет туруктуу комиссиясынын төрагасы айылдык кенештин депутаты  Э.Өмүрбековго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

    Тѳрага                                                                                              Р.Акунов

 

 

 

Добавить комментарий