Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын токтому № 6

shapka-janbulak

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  ХХVII кезексиз  сессиясынын

                                                                                  Токтому № 6

16 – апрель 2019 – жыл                                                                                                    Жан – Булак айылы

Кызыл – Бел участкасындагы мурун союз убагында кара топурак алган жерди тартипке келтирүү жана жайыт комитетинин бюджетин толтуруу булагы катары пайдалануу

А.Ташболотов урматтуу депутаттар араныздардан кѳпчүлүгүнүздѳр билгендей бизге тиешелүү Кызыл – Бел участкасынан  союз мезгилинде Нарын шаарын жашылдандыруу кѳрктѳндүрүү максатында кара топурак алынган. Менин угушумча Нарын шаарындагы  ПЭСтин райкому,УВД, РОВД мекемелерине алынган. Ал жер жалпы аянты жагынан кѳзгѳ кѳрүнѳѳрлүк эместей сезилгени менен кара топурактын катмары 30-40 см жетет. Ошондуктан бүгүнкү күндѳ ал жерден кара топуракты жапайы жол менен ар кайсы мекеме же болбосо шаар тургундары машиналап жана мешоктоп алып кетишүүдѳ. Ушул себептен мен сиздерге тѳмѳндѳгүдѳй сунуш менен кайрылып жатам. Сиздер чыгарган чечимдин негизинде мен экология,эхотехинспекция менен салык кызматы менен макулдашып 1 куб кара топуракка баа белгилеп жайыт комитетинин бюджетин толтуруп түшкѳн кирешени жайыттарды жакшыртууга жумшасак жакшы болот эле деп сунуштайм.

 Эгер биз мындай кадамга барбасак кара топуракты ар ким бекер тартып кетип жатат.

 Бекбоев.Т  —   Эгерде ар ким ѳзү билип ташып жатса  анда А.Ташболотовдун сунушун колдойлу.Бекер кара топурак кетпей жайытка азбы кѳппү акча каражаты түшүп турсун.

 Абдыжапаров.А – Эгер кара топурактан акча каражат түшсѳ ошол каражаттын эсебинен ал жерге жайыт чѳртѳрүнүн уругун себиш керек.

Күчүкова.К – Экология жана башка маселелер менен макулдашылса эмнеге биз каршы чыгышыбыз керек.Мен урматтуу депутаттар сиздерди жайыт комитетинин бюджетин  кѳтѳрүү сунушун колдоп берүүгѳ чакырам. Жогорудагы А.Ташболотовдун сунушун жана депутат Т.Бекбоевдин сунушун добушка коюп  Жан –Булак айылдык кенеши

                                                            Токтом кылат:

  1. Кызыл – Бел участкасындагы кара топурак алынып жаткан жер тартипке келтирилсин.
  2. Экология,эхотехинспекция жана салык кызматы менен макулдашылсын.
  3. Кара топурактан түшкѳн акча каражаты жайыт комитетинин эсептик счетуна түшсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

Тɵрага                                                                                                                                    Т.Бекбоев

 

 

 

Добавить комментарий