Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын
Токтому № 7/2
22 – апрель 2019 – жыл Жан – Булак айылы
«Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жѳнүндѳ» Жобону бекитүү жѳнүндѳ.
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун карамагында, пайдалануусунда, тескѳѳсүндѳ турган муниципалдык менчик объектерин башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык
Токтом кылат:
- «Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жѳнүндѳ» Жобосу бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тɵрага Т.Бекбоев