Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын
Токтому № 8
22 – май 2019 – жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл аймагына таштанды таштоочу жай бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин тѳрагасы Т.Бекебоев сессияны ачып айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Асан уулу Жакшылыкка сѳз берди.
Жол. Асан уулу Жакшылык сессиянын катышуучуларына түшүндүрмѳ берди. Андан кийин депутаттар тарабынан суроолор берилди жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
- Жан – Булак айыл аймагына караштуу «Карасеки»участкасынан 1,0 га жер аянтын таштанды таштоочу жай кылууга уруксат берилсин.
- Таштанды таштоочу жайдын иш кагаздардын бүткѳрүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Асан уулу Жакшылыкка тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Жер жана турак жай курулуш маселелер боюнча комиссиянын тѳрагасы айылдык кенештин депутаты А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Каршы калыс жок.
Тɵрага Т.Бекбоев