Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын токтому № 8/1

shapka-janbulakЖан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  ХХVII кезексиз  сессиясынын

                                                                                  Токтому № 8/1

22 – май 2019 – жыл                                                                                                          Жан – Булак айылы

Жан – Булак  айыл округунун 22 – январь 2010 – жылдагы №3 токтомун жокко чыгаруу жѳнүндѳ

Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин тѳрагасы Т.Бекебоев сессияны ачып айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Асан уулу Жакшылыкка сѳз берди.

Жол.  Асан уулу Жакшылык  сессиянын катышуучуларына түшүндүрмѳ берди. Андан кийин депутаттар тарабынан суроолор берилди жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы

                                                             Токтом кылат:

  1. Жан – Булак айыл округунун 22 – январь 2010 – жылдагы №3 Жан – Булак айыл округуна караштуу Жан – Булак айылындагы парк «Наристе» ээлеп турган жер аянтын бекитип берүү жѳнүндѳгү токтому жокко чыгарылсын.
  2. Жан – Булак айылындагы жалпы ээлеп турган 7000 чарчы жер аянты «Наристе»паркынын максаттык багыты ѳзгѳртүлүп, Спорт комплексине мѳѳнѳтсүз пайдаланууга берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Жер жана турак жай курулуш маселелери боюнча жетектѳѳчү адис Асан уулу Жакшылыкка тапшырылсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды. Каршы калыс жок.

 

  Тɵрага                                                                                                                         Т.Бекбоев

 

 

 

Добавить комментарий