Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын токтому № 9

shapka-janbulak

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  ХХVII кезексиз  сессиясынын

                                                                                  Токтому № 9

22 – июнь  2019 – жыл                                                                                                             Жан – Булак айылы

Жан – Булак  айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган калдык акчасын пайдалануу жѳнүндѳ

 Жан – Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады.Андан соӊ депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты.  Маселени карап талкуулап жана жарыш сѳзгѳ чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын сунуш – пикирлерин угуп Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы                                

         Токтом кылат:

  1. Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн эсеп – счетундагы жыл башына калган каражаттан 26000(жыйырма алты мин) сом алынып,айыл ѳкмѳттүн кызматтык машинасына ГСМ үчүн,8000 (сегиз мин) сом- айыл ѳкмѳтүнүн базасында ушул жылдын 21 – июнунда боло турган республикалык семинарга карата жумшоо үчүн, бардыгы 34 (отуз тѳрт)мин сом алынып, жумшалсын.
  1. Бул суммага тиешелүү смета түзүү жана аны ѳз багыты менен пайдалануучу талап кылуу- айыл ѳкмѳтүнгүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.

         Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап, сессияга катышкан – депутаттар добуш беришти. Каршы калыс жок

 

 Тɵрага                                                                                                                                     Т.Бекбоев

 

 

 

Добавить комментарий