Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII кезексиз сессиясынын токтому № 10

shapka-janbulak

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  ХХVII кезексиз  сессиясынын

                                                                                  Токтому № 10

11 – июль  2019 – жыл                                                                                                         Жан – Булак айылы

Жан – Булак  айыл ѳкмѳтүнүн 2019 – жылга бекитилген сметасынан башка статьяларга жылдыруу жѳнүндѳ

 Жан – Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова   сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады.Ѳзүӊүздѳр билгендей 2019 – жылдын бюджнти ѳтѳ тартыштык менен бекитилген. Эӊ негизги корголгон  статьяларды толук сметага киргизе алган эмеспиз. Анткени бюджнттин киреше бѳлүгүндѳ- киреше салыгы 418,0 мин сом жана сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом кѳп коюлган. Бирок, бул кирешелерди аткарууга биздин айыл ѳкмѳтүбүздѳ база (источник) жок болчу. Демек, бул кирешелер аткарылбаса, сметага  коюлган чыгымдар дагы аткарылмак эмес. Корголгон статьяларды толук бул сметага коюу ѳтѳ чон тобокелчиликке алып келмек. Ошондуктан, сметага айрым экинчи зарылдыктагы статьялар киргизилген. Смета бекитилгенден кийин февраль айында жароатылыш ресурстарын пайдалануудан 455,6 мин сом түштү. Ошол себептүү мурда аргасыздан сметага кээ бир суммаларды – сметага киргизилбей калган, корголгон статьяларга жылыштыруу керек болуп жатат. Андан сон депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты. Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап жана жарыш сѳзгѳ чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын сунуш – пикирлерин угуп Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы                                                                        

                                                                   Токтом кылат:

  1. Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн сметасынын 111 кварталындагы АУП үчүн «3112» статьясындагы 80,0 (сексен) мин сом, мектептин «3111» статьясындагы 98,2 (токсон сегиз мин эки жүз) мин сом – жалпы 178,2 (бир жүз жетимиш сегиз мин эки жүз)сом тѳмѳнкү керектѳѳгѳ жылдырылсын.

а) мектепке кѳмүр алуу үчүн – 178,2 (бир жүз жетимиш сегиз мин эки жүз) мин сом.

  1. Бул суммаларга тиешелүү смета түзүү жана аны ѳз багыты менен пайдалануучу камсыз кылуу- айыл ѳкмѳтүнгүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.

                   Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап, сессияга катышкан –  депутаттар добуш беришти. Каршы калыс жок.

  Тɵрага                                                                                                                                               Т.Бекбоев

Добавить комментарий