Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясынын ТОКТОМУ № 1

фирм_бланк

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  сессиясынын                                                 

                                             

ТОКТОМУ № 1

      16 – январь 2018                                                   Жан – Булак айылы

 

      Чакырылган депутат  — 11 адам

      Катышкан     депутат  —  10 аадам

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык                          

         Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтунун айыл чарба багытындагы

                        жер салыгынын базалык ставкасын кɵтɵрүү жонүндо.

 

Угулду:  Кун тартибиндеги маселе боюнча  айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Эсенканова сессиянынын катышуучуларына түшүндүрмɵ берди. Андан кийин депутаттар тарабынан суроолор берилди жана ага тиешелүү жооптор алынды.   Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Жанбулак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин сессиясы

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ   :    

  1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2018-жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкасы 2 эсе кɵтɵрүлсүн.
  2. Жайыт жеринин жер салыгы 1 гектарга 2 сом 74 тыйын боюнча калтырылсын.
  3. К 3 аймактык коэфициенти 1,0 болуп   белгиленсин.
  4. Айыл ɵкмɵтунɵн берилүүчү баардык справкалар үчүн 10 сомдон болуп  бекитилсин
  5. Тазалык жыйым ар бир түтүнгѳ 5 сом болуп белгиленсин.
  6. Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн чарба китебинде катоодо туруп кыштоодо ,убактылуу

шаарда  жана ата-энеси менен чогуу турган 42 тутунго тазалык жыйымынан

женилдик берилсин.

  1. Ушул токтом Жан Булак айыл ѳкмѳтүнүн   janbulak naryn kg. Веб  сайтына

жарыялансын  жана Кыргыз Респуликасынын Ченемдик укуктук актыларынын

мамлекеттик   реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция  башкар-

малыгына жѳнѳтүлсүн.

  1. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн

башчысы  Д.Шеринбековго милдеттендирилсин.

 

Токтом бир добуштан абыл алынды. Каршы-калыс жок.

          

        Тɵрага                                                                  А.Эшимбеков

Добавить комментарий