Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясынын
Токтому № 2
16 – январь 2018 – жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017 – жылдагы аткарылышы жана 2018 – жылга бюджетинин системасы жөнүндө.
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
Жан – Булак айыл округунун 2017 – жылдагы бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 4636,0 мин сом болуп бекитилген. Жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду эсептөө менен киреше бөлүгүнүн жылдык планы 6237,8 мин сом, чыгаша бөлүгү 6123,3 мин сом болуп такталган.
Бюджеттин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, республикадан келген гранттар боюнча жалпысынан – 98,0% ке аткарылды, же жалпы 6110,8 мин сом киреше түштү. Анын ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана жыйымдар 2754,6 мин сом. Гранттар жана трансфеттер 3356,2 мин сом. Салыктардын 3 түрү аткарылган жок. Булар киреше салыгы – 60,0%, кыймылсыз мүлк салыгы 40,0 %, айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык – 71,5% болду.
Ал эми бюджеттин чыгымдоо бөлүгү 99,3%ке аткарылды, анын себеби, салыктар жана жыйымдардын өз убагында түшпөгөндүгү болду.
Бул билдирүүдөн кийин тактоо иретинде суроолор берили п, тиешелүү жооптор айтылды. Андан сон айылдык Кенештин депутаттарынын талкуусу жүрдү. Талкуудан кийин, чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой – пикир, сунуштарын угуп,
Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
- Жан – Булак айыл округунун 2017 – жылдагы бюджетинин кирешелери боюнча 6110,8 мин сомго, чыгымдоолор боюнча 5852,1 мин сомго, ал эми атайын эсеп – счет боюнча киреше жагы 308,4 мин сом, чыгаша жагы 350,9 мин сомго аткарылган отчету кабыл алынсын.
- 2018 – жыл үчүн айыл округунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча, атайын каражатты кошкондо – 4737,3 мин сомго белгиленип жаткан жалпы сметасы бекитилсин.
Анын ичинде:
- Эмгек акыга – 2177,7 мин сом же:
а) АУП 11(он бир) штаттык бирдик, эмгек акысы – 1914,2 мин сом
б)библиотекада 1 (бир) штаттык бирдик, эмгек акысы – 81,0 мин сом
в) клубда 3 (үч) штаттык бирдик,эмгек акысы – 182,5 мин сом
- Социалдык фонд үчүн — 321,7 мин сом
- Бала бакчанын тамак – ашына -271,8 мин сом
- Көмүр алууга — 640,0 мин сом
- Электр энергияга — 352,2 мин сом
- Жайыт комитетинин чыгымы — 328,7 мин сом
- Калган бардык чыгымдарга — 235,0 мин сом
- Атайын каражат боюнча — 410,0 мин сом
- Жогорудагы белгиленген, бюджеттин жалпы – 4737,3 мин сом каражатына тиешелүү смета түзүү жана аны түздөн – түз аткарууга алуу – айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
- 2017- жылдын сентябрь айынан бери аппарытынын көбөйтүлгөн эмгек акысы 2018 – жылдын бюджетине сунушталбай калгандыктан, ага тиешелүү сумманы бөлүп берүү — Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын. Көбөйтүлгөн эмгек акынын айырма – суммасы: 526,9 мин сом, социалдык фондго төлөмү 77,4 мин сом, бардыгы – 604,3 мин сом.
- Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2018 – жыл үчүн киреше бөлүгүнүнүн 386,2мин сом чыгаша бөлүгүнүн 328,7 мин сом болгон сметасы бекитилсин жана аткарууга алынсын.
Эскертүү: Жайыт комитетинин түшүрүлгөн кирешесинин 1/3 (үчтөн бир) бөлүгү жайыт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, айыл өкмөтүнүн кирешесине көтөрүлүп турат, ошондуктан ОППнын чыгашасына бул сумма – 386,2: 3= 128,7- 71,2 жайыт салыгы= 57,5 сом киригизидген жок.
Токтом бир добуштан кабыл алынды, токтомду жактап Жан – Булак айылдык Кенешинин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев