Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 4
16 – январь 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Сессияга чакырылган депутат – 11 адам
Сессияга катышкан депутат 10 адам
Күн тартибинде: Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык каражатын
пайдалануу жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына төмөнкүлөрдү билдирди.
Айылга ветеринардык клиника куруу үчүн проект жазылып, «АРИС» фондуна өткөрүлүп, кабыл алынган. Ошол ветеринардык клиниканын курулушун баштоо үчүн өздүк салымы жана проектини бардык расчету менен тууралап, түзгөн тарапка ПСД үчүн тиешелүү өлчөмдөгү каражатты көтөрүп берүү керек. Проектинин жалпы наркы 1856015 сомду түздү. Ал эми ПСД үчүн бул сумманын 1,5%ти төлөнөт. Ошондо 27800сом болот.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн финансылык кыймылы үчүн пайдаланып жаткан электрондук версиясынын «Рутокен» ЭЦПсынын келишим мөөнөтү бүтүп жатат.Буга 3100 сом которуу керек.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
- Жан – Булак айылына курула турган ветеринардык клиниканын ПСДсы үчүн айыл өкмөтүнүн жыл башына калган каражатынан 27800 (жыйырма жети мин сегиз жүз) сом, ал эми электрондук «Рутокен» ЭЦПсы үчүн 3100(үч мин бир жүз) сом – жалпысы 30900 (отуз мин тогуз жүз) сом бөлүнүп, которулуп берилсин.
- Бул каражатка тиешелүү смета түзүү аны мыйзам чегинде аткарууга алуу Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап айылдык Кенештин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы – Калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев