Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 9
16 – апрель 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Сессияга чакырылган депутат – 11 адам
Сессияга катышкан депутат 9 адам
Күн тартибинде: Жан – Булак айыл өкмөтүнүндөгү муниципалдык реестирин бекитуу
жөнүндө
Угулду: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Жан – Булак айылдык Кенешинин Регламентине ылайык Жан – Булак айылдык Кенеши
Токтом кылат:
- Жан – Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин Реестири бекитилисин.
- Бул токтом Жан – Булак айыл өкмөтүнүн веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук – ченемдик актыларынын мамлекеттик реестирине киргизилсин.
- Бул токтомдун аткаруу Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Жактап 9 депутат добуш беришти.
Каршы — калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев