Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 5
5 – февраль 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык акчасын
пайдалануу жөнүндө.
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына түшүндүрүп берди.Андан кийин депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты.
Күн тартибиндеги маселени толук карап чыгып жана талкуулагандан кийин Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
- Жан – Булак айыл өкмөтүнүн эсеп – счетундагы жыл башына калган калдык акчасы төмөндөгүдөй максаттарга бөлүнсүн
а) АУПка 1. Кызматкерди окутууга, 1 адис окуйт — 5500 сом
- МЧСке керектүү даярдык көрүүгө — 600 сом
- карышкыр, иттерди аттырууга — 3000 сом
- айыл өкмөтүнүн имаратынын ички замокторун
алмаштырууга — 4000 сом
5 аксакалдар сотунун кабинетине стол — 500 сом
6 баннер жана корсоткуч доска жасатуу
7 курулуштун оздук салымдары үчүн -105600 сом
а) вет клиника — 60,1 т.с
б)көпүрөгө — 25,0 т. с
в) расколго — 20,5 т.с
Жыйынтыгы – 133100 сом
б) Бала бакчага: 1. Балдардын тамак – ашын алууга – 52200 сом
Бардыгы а/ өкмөтү боюнча 185300 сом
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап айылдык Кенештин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы – Калыс жок.
- Ал үчүн тиешелүү смета түзүү жана акчаны өз максаты боюнча которүп берүү, айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Жактап 10 депутат добуш беришти.
Каршы — калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев