Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому №7
30 – март 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жээнбек кызы Гүлзат сүт топтоочу цех куруу жөнүндө
Жан – Булак айылынын тургуну Жээнбек кызы Гүлзат «АРИСке» сүт топтоочу цех куруу үчүн долбоор жазып ал жактырылган. Бул цехти куруу үчүн Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенеши
Токтом кылат:
- Жан – Булак айыл аймагынын өздүк менчик участкасына Жээнбек кызы Гүлзатка сүт топтоочу цех курууга уруксат берилсин.
- Сүт топтоочу цех куруу үчүн архитектуралык иш кагаздарын даярдоо Жээнбек кызы Гүлзатка милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
Төрага Т.Бекбоев