Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМУ № 2
19 — январь 2015 — жыл Жан — Булак айылы
Жан — Булак айыл өкмөтүнүн 2014 жылдагы бюджетин аткарылышы, жана 2015 — жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү «Ала Мышык» тоо кен байлыгын изилдөө жөнүндө Салык кодексине жер салыгын баасын көтөрүү боюнча. Ар кандай айыл ичиндеги маселелер
Биринчи маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенканова билдирүү берди.
Экинчи маселе боюнча Кытай мамлекеттик « Жан » компаниясынын жетекчиси ЧЖан Жэнцинь жана котормочусу Кундузов Усөнбек билдирүү берди
Yчүнчү маселе боюнча сөз Нарын райондук салык инспекцичсынын начальнигинин орун басары Султаналиев Абастын билдирүүсү
Төртүнчү маселе боюнча Акунов Раис билдирүү берди
Жогорудагыларды карап чыгып талкуулап Жан-Булак айылдык кенешинин
Токтом кылат
— Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
— 2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын көлөмдөрү бекитилсин
— «Ала-Мышык» Тоо кенин изилдөөнү элдик жыйынга алынып чыгып элдин макулдугу менен чечилсин.
— Үлүш жердин базалык ставкасы бир жылда үч жолу көтөрүлүүсү боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
— Айылды көрктөндүрүү жашылдандыруу көчөлөрдү ирээтке келтирүү, мусорлорду чыцгарууга карата айыл өкмөт эки айлык иш чаралар планы жактырылсын.
— Иманалиев Салмакеге «Ынтымак» көчөсүнүн атын берүү кийинки сессияда каралсын.
— Айыл өкмөтүнүн балансында турган экскаватордун баасы жана кызмат кылуусун көзөмөлдөө депутаттардын экономика жана бюджет туруктуу комиссиясынын кароосуна сунушталсын.
— Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана айылдык кенешинин орун басары К. Атыровага тапшырылсын
Төрага Акунов. Р
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.