Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 1

фирм_бланк

Жан – Булак айыл  аймагынын  айылдык  Кенешинин  кезексиз  сессиясынын 

                                                        ТОКТОМУ № 1

 Жан – Булак айылы                                                                  13 – январь  2016 — жыл    

Жан – Булак  айыл  өкмөт  башчысы  Д. Шеримбековдун  мектепке

керектеле  турган  көмүр  отунун  тартылбагандыгы  жөнүндө.

Жан – Булак айыл  аймагынын  айылдык  кенешинин  төрагасы  Р. Акунов  кезексиз  сессияны  ачып  күн  тартибиндеги  маселени  депутаттарга  тааныштырып  бул  маселе  боюнча  жооп  берүүсүн  өтүндү.

Жан – Булак  айыл  ѳкмѳт  башчысы  «Эскертүү»  жазасын  алды. Жогорудагы  маселени  карап  чыгып  талкуулап  Жан – Булак  айыл  аймагынын  айылдык  кенеши

Токтом  кылат:

—  2015 – 2016 – жылдын  күз – кыш  мезгилине  бюджеттик  мекемелерди  кѳмүр  отуну  менен  камсыз  кылууда  Жан – Булак  айылындагы  А. Жутакеев  атындагы  мектепке  керектеле  турган  кѳмүрдүн 187 – тонна  кѳмүрдүн 130  тоннасы  тартылбай  калгандыгына  байланыштуу  ѳз  ишине  жоопкерсиздик  мамиле  жасагандыгы  үчүн  Жан – Булак  айыл  ѳкмѳтүнүн  башчысы Д. Шеримбековго  «Эскертүү»  жазасы  берилсин.

—  ЧП «Турсуниязова»  фирмасына  кѳмүр  үчүн  которулган  акча  каражатын  ѳндүрүү  жагы  айыл  ѳкмѳт   башчысы  Д. Шеримбековго  жана  тендер  ѳткѳрүү  комиссия  мүчѳлѳрүнѳ  милдеттендирилсин.

—  Бул  токтомдун  аткарылышын  кѳзѳмѳлдѳѳ  туруктуу  комиссиянын  тѳрагасы  Э. Омүрбековго  жана   айыл  ѳкмѳтүнүн  башкы  бухгалтери  Ж. Эсенкановага  тапшырылсын

      Тѳрага                                                                                        Р.Акунов

Добавить комментарий