Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
Жан – Булак айылы 25 – январь 2016 — жыл
Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсеп счетундагы жыл
башына калган калдык акчасын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенканова сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады. Мындан кийин депутаттар суроолорду беришти, жана ага тиешелүү жоопторду алышты.
Жогорудагыларды белгилеп, Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— Айыл ѳкмѳтүнүн атайын – эсеп счетундагы 33900 (отуз үч мин тогуз жүз) сом айыл ѳкмѳтүнүн бала бакчасына тамак – аш алуу үчүн жумшалсын.
— Каралып жаткан бул акчага тиешелүү смета түзүү жана аны аткарууга алуу айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери — Ж. Эсенкановага тапшырылсын.
Тѳрага Р. Акунов