Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМУ № 3
14 — апрель 2015 — жыл
Жан — Булак айылы
Жан- Булак айылынын К. Осмоналиев көчөсүнүн ремонтун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин депутаты А. Ташболотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан Булак айылдык кенеши
Токтом кылат:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Ч. Турсунбековго, Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнө жана жол транспорт комуникациялар министрлигине айылдын К. Осмоналиев көчөсүнүн 1.700 метр аралыгына асфальт төшөп берүүгө суралып кайрылуу кат жолдонсун.
— Кайрылуу каттын текстин даярдоо айылдык кенешинин катчысы А. ϴмүрзаковго жана туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Ташболотовдорго милдеттендирилсин.
— Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары К. Атыровага тапшырылсын.
Төрага Акунов. Р
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.