Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
Жан – Булак айылы 16 – апрель 2016 — жыл
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин «Зордук Зомбулукту алдын алуу» боюнча социалдык тапшырыктын алкагында «Элет айым» коомдук бирикмесинин «Ар бир үйдѳ тынчтык жана бейпилдик» Долбоорун ишке ашыруу боюнча Жан – Булак айылдык кенешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— Ар бир үйдѳ ата – энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
— Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүүлѳр жүргүзүлсүн.
— Жаш жубайлардын нике күбѳлүгүн үйлѳнгѳн куну беруу кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
— Айылдык молдолор ала – качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюу тыюу салынсын.
— Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз ѳткѳрүү колго алынсын.
— Айылдык дүкѳнчүлѳр тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
— Кѳзѳмѳлдѳѳ жагы аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, жаштар уюму, ѳкмѳттүк эмес уюмдарга, ден соолук комитетине жолдонсун. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин депутаты Атырова Кыялга тапшырылсын.
Тѳрага Р. Акунов.