Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын
V – сессиясынынын ПРОТОКОЛУ №5
Жан – Булак айылы 13 – февраль 2017 – жыл
Күн тартибинде . Жан – Булак айыл аймагындагы мүйүздүү бодо малдарды идентификациялоо боюнча кызмат кѳрсѳтүү акысын бекитүү жѳнүндѳ.
Жан – Булак айылдык кенешинин тѳрагасы А.Эшимбеков сессияны ачып күн тартибиндеги маселе боюнча айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси У.Буудайчиевге сѳз берди.
Жол У.Буудайчиев «Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн токтомун депутаттарга тааныштырып мүйүздүү бодо малдарды идентификациялоо биздин айыл ѳкмѳттѳн башталып жаткандыгы белгиледи. Идентификациялоо эрежеси боюнча уйдун кулагына басылуучу бирканын баасы 40 сом, ал эми ошол бирканы уйдун кулагына басып берүү кызмат акысынын баасын сиздер тараптан бекитип берүүнүздѳрдү суранат элем деди. Мүйүздүү бодо малдарды идентификациялоо үч адам регистратор эки адам оператор кызматтарын аткарууга атайын окуудан ѳтүп келишти. Ушул адамдар малдын ээси тѳлѳѳчү кызмат акыдан эмгек акы алышат. Болжолдуу бир баш уйга бирка басуу кызмат акысы 30 сом болот деп сунуштады.
Айылдык кенештин тѳрагасы А.Эшимбеков депутаттардын добушуна мүйүздүү бодо малга кызмат кѳрсѳтүү 30 сом, ал эми бирканын 40 сом баасын мал ээси тѳлѳп берүүсүнѳ бир добуштан макулдук беришти.
Жогорудагы маселени карап чыгып талкулап Жан – Булак айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жан – Булак айылынын тургундарынын мүйүздүү бодо малдарын идентификациялоонун кызмат кѳрсѳтүү баасы 1 баш малга 30 сомдон болуп бекитилсин.
- Айыл тургундары менчик малдарын идентификациядан ѳткѳргѳнү үчүн биркага 40 сом, кызмат акысына 30 сом бардыгы ар бир уйга 70 сомдон нак акча түрүндѳ тѳлѳп беришсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Жээнбек кызы Гүлзатка тапшырылсын.
Тѳрага А.Эшимбеков