Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ

shapka-janbulak

22– ноябрь  2019 – жыл                                                                                                        Жан – Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII-   чакырылышынын депутаттарынын  15- сессиясынын

№ 15 Токтому

Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды   кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына  ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ

      Жан – Булак айыл  аймагынын  айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдары чогултуу  жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына ɵткɵрүп берүү  жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысы  Д.Шеримбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жан – Булак айыллдык кенешинин кезексиз сессиясы

Токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына , Кыргыз  Республикасынын Салык кодексине , Бузуулар жɵнүндɵгү Кодексге, Жергиликтүү ɵзүн — ɵзү   башкаруу органына кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүүнүн жоболору тууралуу“  2014 – жылдын 17 –мартындагы №  145 жана 2016 – жылдын 11 —  апрелиндеги   № 202 токтомдорунун негизинде Жан  — Булак айыл аймагынын  айыл ɵкмɵтүнɵ  салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча тɵмɵнкү ыйгарым  укуктары бекитилип берилсин.
  1. – Ыктыярдуу жана милдетүү патент салыгын жыйымдарын чогултуу

– Мүлк салыгынын 1,2,3,4, —  группасына кирген  салык жыйымдарын чогултуу

—  Жер  салыктарын чогултуу

– Салык боюнча  кɵзɵмɵлдɵɵ рейддерин жүргүзүү, салык тɵлɵɵчүнүн  салык органдарында       регистрацияда тураарын, патенттин негизинде жүргүзүлүп жаткан бардык салык тɵлɵмдɵрүнүн тɵлɵнүшү боюнча иштер

  1. Жан – Булак айыл аййиагынын айыл ɵкмɵтүнүн штатык бирдигине ɵзгɵртүү киргизилип, салык адисинин штаты (башкы кызмат орду) жана келишими бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы – айыл аймагынын башчысы Д.Шеримбековго жана финансы – экономикалык бɵлүмүнүн башчысы Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.

 

                    Тɵрага                                                                                                      Т.Бекбоев

 

Добавить комментарий