Жан – Булак айыл аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнүндѳ

shapka-janbulak

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  ХХVII кезексиз  сессиясынын

                                             

                                                                                  Токтому № 12

7 – декабрь 2018 – жыл                                                                 Жан – Булак айылы

 

Жан – Булак айыл аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия жѳнүндѳ жобону бекитүү  жѳнүндѳ.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313 – беренесине ылайык; Депутаттардын Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХ чакырылышынын – сессиясы токтом кылат:

                                               Токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын 2017 – жылдын 13 – апрелиндеги №58 Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жѳнүндѳ»кодекси 2019 – жылдын 1 – январынан тартып күчүнѳ киргендигине байланыштуу, 31- май 2016 – жылы №5 токтому менен бекитилген Жан – Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын жобосу күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жѳнүндѳ» кодексинин 313 беренесине ылайык Жан – Булак айыл аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия жѳнүндѳ жобо менен бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин.

 

    Тɵрага                                                                  Т.Бекбоев

 

 

Добавить комментарий