15– март 2020– жыл Жан – Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 4- сессиясынын
№ 4 Токтому
Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын тамак-ашын камсыздоо
жөнүндө.
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун “Ɵзгɵчɵ абал ” киргизилгендигине байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана жарыш сɵзгɵ чыгып сүйлɵгɵн депутаттардын сунуш — пикирлерин карап Жан — Булак айылдык Кенешинин токтом кылат:
- Айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын тамак-ашы үчүн, сметада каралган каражаттан азыркы шартка карата 30,0 миң сом алынып жумшалсын.
- Бөлүнгөн каражат бала бакчанын башчысы А. Акылбекованын жеке эсеп счетуна которулуп берилсин. Каражатты толук расход кылгандан кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына отчетун тапшырсын.
- Каралган каражатты казына бөлүмүнө бөлдүрүп, тиешелүү документтеринин негизинде аталган счетко 2 (эки) күндүн ичинде которуп берип, кайра отчетун тактап кабыл алсын.
Төрага Т.Бекбоев.