“Кызыл-Зоо-Достук” суу пайдалануучулар ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигине кредиттерди кайтаруу жана трафиктен кечиккен үчүн агенттик салган айып пулдар, проценттик төлөмдөрдү суу пайдалануучулардан өндүрүү боюнча жана каналды жазга карата тазалоо, ремонттон өткөрүү жана тартип, милдет, укуктар жɵнүндɵ

shapka-janbulak

4– апрель  2020– жыл                                                                                                         Жан – Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

ХXVII-   чакырылышынын депутаттарынын  7- сессиясынын

№ 7 Токтому

 “Кызыл-Зоо-Достук” суу пайдалануучулар ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигине кредиттерди кайтаруу жана трафиктен кечиккен үчүн агенттик салган айып пулдар, проценттик төлөмдөрдү суу пайдалануучулардан өндүрүү боюнча жана каналды жазга карата тазалоо, ремонттон өткөрүү жана  тартип, милдет, укуктар жɵнүндɵ

Жан-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Зоо-Достук СПАсынын башчысы Ш.Абдыраманов сессиянын катышуучуларына түшүндүрмɵ берди.Андан кийин депутаттар тарабынан суроолор берилди жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат :

  1. Карызы бар суу пайдалануучуларга депутаттар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Кредитке мөөнөтү өтүп кеткен карыздары үчүн пайыздар менен штрафтар, карыздын суммасына жараша ар бир суу пайдалануучунун эсебине кошулуп эсептелинсин.
  2. Мураптарга баш ийбей, өзүм билемдик кылган суу пайдалануучуга акт түзүлүп, протокол толтурулуп, закон ченемдүу айыптар салынсын. Суунун акысын төлөбөгөндөргө суу берилбесин.
  3. Жазгы каналды тазалоо иштерине көчө комитеттери милдетүү түрдө чыгышсын. Өстөн арыктарын чаппагандарга суу берилбесин.

4.Бул токтомду   кɵзɵмɵлдɵɵ жагы ɵзүмɵ калтырылсын

   Төрага                                                                                                                      Т.Бекбоев

 

Добавить комментарий