15– апрель 2020– жыл Жан – Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 8- сессиясынын
№ 8 Токтому
Кыргыз Республикасында узартылган “Ɵзгɵчɵ кырдаал”, “Ɵзгɵчɵ абал” кырдаалына карата Жан – Булак айыл ɵкмɵтүндɵ даярдык кɵрүүгɵ жана спорт комплексинин айланасын ирээтке келтирүүгɵ каражат бɵлүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун “Ɵзгɵчɵ абал ” киргизилгендигине байланыштуу билдирүү билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана жарыш сɵзгɵ чыгып сүйлɵгɵн депутаттардын сунуш — пикирлерин карап Жан — Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Айыл ɵкмɵтүнүн жыл башына калган каражатынан 60,0 (алтымыш) мин сом бɵлүнүп, “Өзгɵчɵ кырдалга ” карата керектүү дары-дармек, шаймандар, атайын кийим-кечелер жана башкалар алынсын.
- Спорт комплексинин айлана-чɵйрɵсүн башка заттардан тазалатуу, бактын дүмүрлɵрүн алдыруу, тегиздеп, түздɵɵ, таштандыларын чыгаруу үчүн 19,4(он тогуз мин торт жүз) мин сом бɵлүнсүн
- Бул бɵлүнгɵн каражаттарга (баардыгы – 79,4 жетимиш тогуз мин торт жүз сомго)тиешелүү смета түзүү жана аны ɵз багыты менен пайдаланууну кɵзɵмɵлдɵɵ, айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенкановага тапшырылсын.
Тɵрага: Т.Бекбоев