Жан-Булак айылы 8–июль 2020– жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 10- сессиясынын
№ 10/1 Токтому
Кыргыз Республикасынын эсептɵɵ палатасынын Ысык – Кɵл жана Нарын областтары боюнча аймактык Нарын районунун Жан — Булак айыл ɵкмɵтүндɵ 2017 – жылдын 1- январынан тартып 31 – декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнɵ жана аткарылышына ɵткɵрүлгɵн аудиттин жыйынтыгы жɵнүндɵ
Айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын мурдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат :
- Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын мурдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча кɵрсɵтүлгɵн кемчиликтер толук аткарылгандыгы белгиленсин. Бул боюнча Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова — ɵз учурунда отчетторду кабыл алууда жана проводкаларды жүргүзүүдɵ айрым кемчиликтерге жол бергендиги эскертилсин жана мындан ары финансылык кемчиликтерди болтурбоо жагы милдеттендирилсин.
- Акыркы аудит учурунда кɵрсɵтүлгɵн ФПСтин жерлерин мындан ары толук кандуу пайдалануу менен бирге айыл ɵкмɵтүнүн кирешесин кɵбɵйтүү үчүн — айыл аймагында жашаган тургундарга аренда жерлерди пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзүүнү колго алуу айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси Асан уулу Жакшылыкка милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн “Иштин түрлɵрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жɵнүндɵ” токтомуна ылайык, айыл ɵкмɵтүнүн аймагында акы тɵлɵɵнүчү кызмат кылып жатышкан жеке адамдарга ɵз ыктыярдуу патент алып иштɵɵнү түшүндүрүү иштерин колго алуу күчɵтүү – айыл ɵкмɵтүнүн бардык адистерине,айрыкча айыл чарбасы жана кирешелер боюнча башкы адистер У.Буудайчиевге, О.Калиевдерге тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы жана мындан ары чарбалык, финансылык мыйзам бузууларга жооп бербɵɵ үчүн жалпы жоопкерчилик — айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековго калтырылсын.
Тɵрага Т.Бекбоев