Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
16 – январь 2018 Жан – Булак айылы
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтунун айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын кɵтɵрүү жонүндо.
Айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Эсенканова сессиянынын катышуучуларына түшүндүрмɵ берди. Андан кийин депутаттар тарабынан суроолор берилди жана ага тиешелүү жооптор алынды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Жан — булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 . Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2018-жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкасы 2 эсе кɵтɵрүлсүн.
2. Жайыт жеринин жер салыгы 1 гектарга 2 сом 74 тыйын боюнча калтырылсын.
3. К 3 аймактык коэфициенти 1,0 болуп белгиленсин.
4. Тазалык жыйым ар бир түтүнгѳ 5 сом болуп белгиленсин.
5. Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн чарба китебинде катоодо туруп кыштоодо ,убактылуу шаарда жана ата-энеси менен чогуу турган 42 тутунго тазалык жыйымынан женилдик берилсин.
6. Ушул токтом Жан Булак айыл ѳкмѳтүнүн janbulak naryn kg. Веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Респуликасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеринбековго милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан абыл алынды. Каршы-калыс жок.
Тɵрага Т.Бекбоев
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясынын
Токтому № 2
16 – январь 2018 – жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017 – жылдагы аткарылышы жана 2018 – жылга бюджетинин системасы жөнүндө.
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
Жан – Булак айыл округунун 2017 – жылдагы бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 4636,0 мин сом болуп бекитилген. Жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду эсептөө менен киреше бөлүгүнүн жылдык планы 6237,8 мин сом, чыгаша бөлүгү 6123,3 мин сом болуп такталган.
Бюджеттин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, республикадан келген гранттар боюнча жалпысынан – 98,0% ке аткарылды, же жалпы 6110,8 мин сом киреше түштү. Анын ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана жыйымдар 2754,6 мин сом. Гранттар жана трансфеттер 3356,2 мин сом. Салыктардын 3 түрү аткарылган жок. Булар киреше салыгы – 60,0%, кыймылсыз мүлк салыгы 40,0 %, айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык – 71,5% болду.
Ал эми бюджеттин чыгымдоо бөлүгү 99,3%ке аткарылды, анын себеби, салыктар жана жыйымдардын өз убагында түшпөгөндүгү болду.
Бул билдирүүдөн кийин тактоо иретинде суроолор берили п, тиешелүү жооптор айтылды. Андан сон айылдык Кенештин депутаттарынын талкуусу жүрдү. Талкуудан кийин, чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой – пикир, сунуштарын угуп,
Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл округунун 2017 – жылдагы бюджетинин кирешелери боюнча 6110,8 мин сомго, чыгымдоолор боюнча 5852,1 мин сомго, ал эми атайын эсеп – счет боюнча киреше жагы 308,4 мин сом, чыгаша жагы 350,9 мин сомго аткарылган отчету кабыл алынсын.
2. 2018 – жыл үчүн айыл округунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча, атайын каражатты кошкондо – 4737,3 мин сомго белгиленип жаткан жалпы сметасы бекитилсин.
Анын ичинде:
1. Эмгек акыга – 2177,7 мин сом же:
а) АУП 11(он бир) штаттык бирдик, эмгек акысы – 1914,2 мин сом
б)библиотекада 1 (бир) штаттык бирдик, эмгек акысы – 81,0 мин сом
в) клубда 3 (үч) штаттык бирдик,эмгек акысы – 182,5 мин сом
2. Социалдык фонд үчүн — 321,7 мин сом
3. Бала бакчанын тамак – ашына -271,8 мин сом
4. Көмүр алууга — 640,0 мин сом
5. Электр энергияга — 352,2 мин сом
6. Жайыт комитетинин чыгымы — 328,7 мин сом
7. Калган бардык чыгымдарга — 235,0 мин сом
8. Атайын каражат боюнча — 410,0 мин сом
3. Жогорудагы белгиленген, бюджеттин жалпы – 4737,3 мин сом каражатына тиешелүү смета түзүү жана аны түздөн – түз аткарууга алуу – айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
4. 2017- жылдын сентябрь айынан бери аппарытынын көбөйтүлгөн эмгек акысы 2018 – жылдын бюджетине сунушталбай калгандыктан, ага тиешелүү сумманы бөлүп берүү — Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын. Көбөйтүлгөн эмгек акынын айырма – суммасы: 526,9 мин сом, социалдык фондго төлөмү 77,4 мин сом, бардыгы – 604,3 мин сом.
5. Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2018 – жыл үчүн киреше бөлүгүнүнүн 386,2мин сом чыгаша бөлүгүнүн 328,7 мин сом болгон сметасы бекитилсин жана аткарууга алынсын.
Эскертүү: Жайыт комитетинин түшүрүлгөн кирешесинин 1/3 (үчтөн бир) бөлүгү жайыт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, айыл өкмөтүнүн кирешесине көтөрүлүп турат, ошондуктан ОППнын чыгашасына бул сумма – 386,2: 3= 128,7- 71,2 жайыт салыгы= 57,5 сом киригизидген жок.
Токтом бир добуштан кабыл алынды, токтомду жактап Жан – Булак айылдык Кенешинин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому №3
19 – февраль 2018 – жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын
кабыл алуу
Жан – Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы иштелип чыгып, жалпы элдик курултайда каралып, талкууланып Айылдык кенештин кабыл алуусуна жиберилгендигинин негизинде Жан – Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алып, иштеп кетишин жүзөгө ашыруу керек.
Жогорудагы маалыматты угуп талкуулап Жан – Булак айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы кабыл алынсын.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 4
16 – январь 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык каражатын
пайдалануу жөнүндө.
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына төмөнкүлөрдү билдирди.
Айылга ветеринардык клиника куруу үчүн проект жазылып, «АРИС» фондуна өткөрүлүп, кабыл алынган. Ошол ветеринардык клиниканын курулушун баштоо үчүн өздүк салымы жана проектини бардык расчету менен тууралап, түзгөн тарапка ПСД үчүн тиешелүү өлчөмдөгү каражатты көтөрүп берүү керек. Проектинин жалпы наркы 1856015 сомду түздү. Ал эми ПСД үчүн бул сумманын 1,5%ти төлөнөт. Ошондо 27800сом болот.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн финансылык кыймылы үчүн пайдаланып жаткан электрондук версиясынын «Рутокен» ЭЦПсынын келишим мөөнөтү бүтүп жатат.Буга 3100 сом которуу керек.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1 Жан – Булак айылына курула турган ветеринардык клиниканын ПСДсы үчүн айыл өкмөтүнүн жыл башына калган каражатынан 27800 (жыйырма жети мин сегиз жүз) сом, ал эми электрондук «Рутокен» ЭЦПсы үчүн 3100(үч мин бир жүз) сом – жалпысы 30900 (отуз мин тогуз жүз) сом бөлүнүп, которулуп берилсин.
2 Бул каражатка тиешелүү смета түзүү аны мыйзам чегинде аткарууга алуу Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап айылдык Кенештин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы – Калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 5
5 – февраль 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык акчасын
пайдалануу жөнүндө.
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына түшүндүрүп берди.Андан кийин депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты.
Күн тартибиндеги маселени толук карап чыгып жана талкуулагандан кийин Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1 Жан – Булак айыл өкмөтүнүн эсеп – счетундагы жыл башына калган калдык акчасы төмөндөгүдөй максаттарга бөлүнсүн
а) АУПка 1. Кызматкерди окутууга, 1 адис окуйт — 5500 сом
2. МЧСке керектүү даярдык көрүүгө — 600 сом
3. карышкыр, иттерди аттырууга — 3000 сом
4. айыл өкмөтүнүн имаратынын ички
замокторун алмаштырууга — 4000 сом
5. аксакалдар сотунун кабинетине стол — 500 сом
6. баннер жана корсоткуч доска жасатуу
7. курулуштун оздук салымдары үчүн -105600 сом
а) вет клиника — 60,1 т.с
б)көпүрөгө — 25,0 т. с
в) расколго — 20,5 т.с
Жыйынтыгы – 133100 сом
б) Бала бакчага: 1. Балдардын тамак – ашын алууга – 52200 сом
Бардыгы а/ өкмөтү боюнча 185300 сом
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап айылдык Кенештин 10 (он) депутаты добуш беришти. Каршы – Калыс жок.
1. Ал үчүн тиешелүү смета түзүү жана акчаны өз максаты боюнча которүп берүү, айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Жактап 10 депутат добуш беришти.
Каршы — калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 6
5 – февраль 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жыл башына
калган акчасын пайдалануу жонундо
Жайыт комитетинин төрагасы А.Ташболотов сессиянын катышуучуларына түшүндүрүп берди. Андан кийин депуттаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты.
Күн тартибиндеги маселени толук карап чыгып жана талкуулагандан кийин Жан – Булак айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин эсеп – счетундагы жыл башына калган калдык акчасы төмөндөгүдөй максаттарга бөлүнсүн.
а)айыл өкмөтүнүн аймагына курула турган ветеринардык клиниканын өздүк салымы үчүн — 120,0 мин сом
2. Ал үчүн тиешелүү смета түзүү жана акчаны өз максаты боюнча которүп берүү, айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Жактап 10 депутат добуш беришти.
Каршы — калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому №7
30 – март 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жээнбек кызы Гүлзат сүт топтоочу цех куруу жөнүндө
Жан – Булак айылынын тургуну Жээнбек кызы Гүлзат «АРИСке» сүт топтоочу цех куруу үчүн долбоор жазып ал жактырылган. Бул цехти куруу үчүн Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл аймагынын өздүк менчик участкасына Жээнбек кызы Гүлзатка сүт топтоочу цех курууга уруксат берилсин.
2. Сүт топтоочу цех куруу үчүн архитектуралык иш кагаздарын даярдоо Жээнбек кызы Гүлзатка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
Төрага Т.Бекбоев
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому №8
30 – март 2018 — жыл Жан – Булак айылы
«Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» иш
чаралар планын бекитүү жөнүндө.
Жан – Булак айылдык кенешинин төрагасы сессияны ачып депутаттарга тааныштырды. 2017 – жылдын 16 – мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча Жан – Булак айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан иш чаралар планын бекитүү жөнүндө сунуш киргизилди.
Жогорудагы маселени карап чыгып талкуулап Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл өкмөтүнүн «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» иш чаралар планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Ж.Жумабаевага тапшырылсын.
Төрага Т.Бекбоев.
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясынын
Токтому № 9
16 – апрель 2018 — жыл Жан – Булак айылы
Жан – Булак айыл өкмөтүнүндөгү муниципалдык реестирин бекитуу
жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Жан – Булак айылдык Кенешинин Регламентине ылайык Жан – Булак айылдык Кенеши
Токтом кылат:
1. Жан – Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин Реестири бекитилисин.
2. Бул токтом Жан – Булак айыл өкмөтүнүн веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук – ченемдик актыларынын мамлекеттик реестирине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу Жан – Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Жактап 9 депутат добуш беришти.
Каршы — калыс жок.
Төрага Т.Бекбоев
«6» декабрь 2018-ж. №135 Нарын облусунун Юстиция
башкармалыгына
Жан — Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Сиздерге Жан Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төмөндөгү токтомдорун Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жиберет:
1. 2018 – жылдын 16 январь айылдык кенешинин №1 токтому
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 – беренесинин 6 – пункутуна ылайык Жан – Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
2. 2018 – жылдын 16 — январь айылдык кенешинин №2 токтому
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017 – жылдагы аткарылышы жана 2018 – жылга бюджетинин системасы жөнүндө
3. 2018 – жылдын 19 – февраль айылдык кенешинин №3 токтому
Жан – Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алуу жөнүндө
4. 2018 – жылдын 16 – январь айылдык кенешинин №4 токтому
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык каражатын пайдалануу жөнүндө.
5. 2018 – жылдын 5 — февраль айылдык кенешинин №5 токтому
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдык акчасын пайдалануу жѳнүндѳ.
6. 2018 – жылдын 5 — февраль айылдык кенешинин №6 токтому
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жыл башына калган акчасын пайдалануу жөнүндө
7. 2018 – жылдын 30 – март айылдык кенешинин №7
Жээнбек кызы Гүлзат сүт топтоочу цех куруу жөнүндө
8. 2018 – жылдын 30 – март айылдык кенешинин №8
Yй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө иш чаралар планын бекитүү жөнүндө
9. 2018 – жылдын 16 – апрель айылдык кенешинин №9
Жан – Булак айыл өкмөтүндөгү муниципалдык реестирин бекитүү жөнүндө
Жогорудагы аталган токтомдор Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2014 — жылдын 25 апрель Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» № 12 токтомуна ылайык мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Токтомдор janbulak. narun – region. kg веб — сайтына 2018 — жылдын «6»декабрь
айында жарыяланды.
Тиркеме: токтомдордун көчүрмөсү (2 экз), токтомдун электрондук түрү 1 диск
Башчы Д. Шеримбеков