Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХXVIII- чакырылышынын 1- сессиясынын № 1/1 Токтому

shapka-janbulak Жан – Булак айылы                                                                                                                                                                  19-май   2021 – жыл 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХXVIII-   чакырылышынын 1- сессиясынын

№ 1/1  Токтому

Депутаттардын Жан-Булак айылдык кенешинин  депутаттарына  мандат  тапшыруу жана Жан-Булак айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасын  орун басарын , туруктуу комиссияларын шайлоо жѳнүндѳ.

      Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамдын     37-беренесине ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин эсептөө комиссиясынын  жыйынтыгы менен Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   ХXVIII-   чакырылышынын  1 сессиясы  токтом  кылат :

1.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенештин ХXVIII-   чакырылышынын 1- сессиясынын 2021-жылдын 21-майындагы   №1 протоколу бекитилсин (тиркеме тиркелет 2 барак).

 2.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасына  жашырууна жабык шайлоонун негизинде  6 депутаттын  добушу менен  Мамбеткулов Эрмек  Эшимканович шайлансын.

3.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын тѳрагасынын орун басарына 10 депутаттын добушу менен ,Карыпбаева Аида Ибраимовна  шайлансын.

4.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын добушу менен         Туруктуу комиссия төмөндөгүдөй курамда шайлансын.

— Социалдык(регламент,депутаттык этика ,мандат ,)  комиссиянын төрайымына Күчүкова Клара  Акматовна ,  мүчөлөрүнө Өзгөрүшова Айкерим Жолдошбековна ,Адыбаев Өмүрбек Кепилович;

-Бюджеттик финансылык (экономика,инвестиция ,ишкердик иштер, энергетика, ) комиссиянын төрайымына Мусаева Майрамкүл Асановна  ,мүчөлөрүнө Абдыжалил уулу Чогулдур, Асаналиев Эрмек  Асаналиевич ;

-Жер , турак жана айыл чарба  (токой чарба суу чарба,жашылдандыруу , көрктөндүрүү,муниципалдык менчик ) комиссиясынын төрагасына  Капаров Нурлан Асылбекович ,мүчөлөрүнө Кудайбердиев Аскат Кудайбердиевич  ,Бейшек  уулу Кубан ;

5.Жан-Булак айылдык  кенештин депутаттарынан жогорудагы шайланган комиссияларга чон жоопкерчилик жүктөлгөндүгү белгиленсин.

 

Төрагалык кылган                                                                                                                                                      Н. Капаров

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХXVIII-   чакырылышынын 1- сессиясынын

№ 1 протоколу

 

Жан-Булак айылы                                                                                 19-май 2021-жыл

Катышкандар  : Жергиликтүү  кенештин депутаттары , айыл өкмөтүнүн кызматкерлери  , мурдагы чакырылыштагы кенештин төрагасы Т.Бекбоев

Күн тартибиндеги каралуучу  маселе:

28-чакырылышындагы  Жан-Булак айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасын, орун басарын ,туруктуу комиссияларын шайлоо жѳнүндѳ.

УГУЛДУ :

Күн  тартибиндеги каралуучу  меселе боюнча Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт  башчысы Д.Шеримбеков жаны мандат  алган депутаттарды куттуктап ,ошону менен  бирге  мурунку чакырылыштагы кенештин төрагасы  Т.Бекбоевге  депутаттык ишмердүүлүктө ынтымакта жана биргеликте иш алып баруунун жыйынтыгында көптөгөн алгылыктуу иштер жасалганын белгилеп, ыраазычылык билдирип Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн жана аппарат кызматкерлеринин атынан Ыраазычылык катын тапшырылды.   Мурунку чакырылыштагы кенештин төрагасы  Т.Бекбоевге  сөз берилип  ,депутаттарды мандаттары менен  куттуктап ,   ынтымакка чакырып алдыдагы иштерине  ийгилик  каалады.   Андан  сон жергиликтүү кенештин депутаттарынын  улуусу Капаров Нурлан Асылбековичке  сөз  берилди.Жаны шайланып келген  депутаттарга куттуктоо айтылып, элдин тынчтыгын ,биримдигин,ден-соолукта болушун каалап  ,айыл өкмөтү  менен биргеликте жана ынтымакта  иш алып барууга чакырды.  Күн тартибиндеги маеле  боюнча Кенештин төрагасына талапкерлерди көрсөтүү боюнча сунуш  берди.

Кудайбердиев Аскат-депутат  Кенештин төрагалыгына Мамбеткулов  Эрмек Эшимкановичти сунуштайт  элем.

Мусаева Майрамкул-депутат, төраганын милдети абдан чон жоопкерчиликтүү ,буга чейинки  тажрыйбасын эске  алып эки  жолку чакырылыштагы депутат мектепте чарба иштери боюнча директордун орун басары болгондон  бери өзүнүздөр көрүп жаткандай бир топ алгылыктуу иштер  жасалды ,ошондуктан мен Капаров  Нурлан Асылбековичти төрагалыка сунуштайм.

Карыпбаева  Аида –депутат,баарыбыз тен  эле кенешип бир  команда болуп иштешүүгө чакырат элем,эки талапкерди  көрсөтпөй эле кенешип ынтымак менен  чечишип   бир талапкерди көрсөтүп  бир добуштан колдоп алсак жакшы болмок,мен дагы Капаров Нурлан  Асылбековичти  сунуштайм.

Күчова Клара-депутат, Мен дагы ынтымак менен эле эки ойго келбей тажрыйбасы дагы  бар депутаттардын ичинен улуусу болгондуктан Капаров Нурланды көрсөтөм. Абдыжалил уулу Чогулдур-эл тарабынан шайланып келдик ,элдин ишеничин  актап  эл үчүн  баарыбыз бир муштумдай болуп иштешебиз деген ойдомун.Мен Мамбеткулов Эрмек  Эшимканович   дагы көптөгөн жерлерде иштеп  келди тажрыйбасы бар мен  Эрмек    байкени сунуштайм.

Адыбаев Өмүрбек-Урматтуу  депутаттар  төрагалыка  ким  болсо дагы баарыбыз көмөктөшүп  жардам   беребиз. Ар  бир депутаттарга сөз  берилип,каалоо тилектерин  айтышып ,жергиликтүү кенештин  депутаттарынын төрагасына талапкерлерге сөз берилди.

Капаров Нурлан-ишеним көрсөтүп жатканыныздарга чон рахмат  , сиздер менен биргеликте чогуу иш алып  барабыз.

Э.Мамбеткулов-депутаттардын сунушун кабыл алып ,төрагалык кызматын иштеп  берээрин  өзүнүн иш  тажрыйбасын билдирди . Эки талапкер болгондуктан  төраганы кызмат  ордуна жашыруун жабык добуш берүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүлүп , Эсептѳѳ  комиссиясынын төрайымына Күчүкова Клара ,мүчөлөрүнө Өзгөрүшова Айкерим.Абдыжалил  уулу Чогулдур сунушталып бир добуштан шайланышты. Каршы,калыс жок. Эсептөө комиссиясы тарабынан бюллетендер  боюнча жыйынтыгы чыгарылып ,добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасына жашырууна жабык шайлоонун негизинде  Мамбеткулов Эрмек  6добуш ,Капаров Нурлан  5 добуш алып , эн көп  добуш алган  Мамбеткулов Эрмек Эшимканович  шайланды.

Жан-Булак айылдык  кенешинин  төрагасы –Э.Мамбеткулов –депутаттар ишенич көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип  мындар ары аткарылуучу  иштерди биргеликте чогуу алып  барарын билдирди жана кийинки иштин башталышына женил болуу үчүн жергиликтүү кенештин  депутаттарынын орун басарын  ,туруктуу комиссияларды  шайлап  алууну сунуштады.  Депутаттардын сунуш пикирлерин  угуп жана талкуулап Төраганын орун басарына Карыпбаева Аида Ибраимовна  , Социалдык  комиссиянын төрайымына Күчүкова Клара Акматовна  ,  мүчөлөрүнө Өзгөрүшова Айкерим Жолдошбековна ,Адыбаев Өмүрбек Кепилович , Бюджеттик (финансылык)комиссиянын төрайымына Мусаева Майрамкүл Асановна  ,мүчөлөрүнө Абдыжалил уулу Чогулдур, Асаналиев Эрмек Асаналиевич  ,Жер ,турак жай жана айыл чарба  комиссиясынын төрагасына  Капаров Нурлан  Асылбекович ,мүчөлөрүнө Кудайбердиев Аскат Кудайбердиевич  ,Бейшек  уулу Кубанды Жан-Булак айылдык Кенешинин депутаттары бир добуштан  колдоп шайлангандыктан Жогорудагыларды талкуулап ХXVIII-чакырылышынын  1-  сессиясында   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   чечим   кылат :

  1. 1.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенештин ХXVIII-чакырылышынын 1- сессиясынын 2021-жылдын 21-майындагы эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин.
  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасына  жашырууна жабык шайлоонун негизинде  6 депутаттын  добушу менен  Мамбеткулов Эрмек  Эшимканович шайлансын.
  2. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын тѳрагасынын орун басарына 10 депутаттын добушу менен ,Карыпбаева Аида Ибраимовна шайлансын.
  3. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын добушу менен  туруктуу комиссия төмөндөгүдөй курамда шайлансын.

-Социалдык(регламент,депутаттык этика ,мандат ,)  комиссиянын төрайымына Күчүкова Клара Акматовна  ,  мүчөлөрүнө Өзгөрүшова Айкерим Жолдошбековна ,Адыбаев Өмүрбек Кепилович ;

-Бюджеттик финансылык (экономика,инвестиция ,ишкердик иштер, энергетика, ) комиссиянын төрайымына Мусаева Майрамкүл Асановна  ,мүчөлөрүнө Абдыжалил уулу Чогулдур, Асаналиев Эрмек Асаналиевич  ;

-Жер,  турак жай  жана айыл чарба  (токой чарба суу чарба,жашылдандыруу ,көрктөндүрүү,муниципалдык менчик ) комиссиясынын төрагасына  Капаров Нурлан Асылбекович ,мүчөлөрүнө Кудайбердиев Аскат Кудайбердиевич ,Бейшек  уулу Кубан ;

5.Жан-Булак айылдык  кенештин депутаттарынан жогорудагы шайланган комиссияларга чон жоопкерчилик жүктөлгөндүгү белгиленсин.

 

Төрагалык кылган                                                                                Н.Капаров

 Катчы                                                                                                       Г.Маматбаева

 

                                                                                

 

Добавить комментарий