cropped-janbulak_2.jpgshapka-janbulak

“22” декабрь 2022-ж                                                                       Жан- Булак айылы

 

 Жан-Булак   айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин

ХХVIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

                                                           №  27  ТОКТОМУ

 

         Жан-Булак айыл аймагындагы “ Кызыл- Зоо- Достук” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу  чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын 2021- жылдын 10- декабрындагы Суу Кодексинин № 151 мыйзамынын 16- беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагындагы “ Кызыл- Зоо- Достук” суу пайдалануучулар ассоциациясынын кеӊешинин № 1 протоколу жана зоналдык өкүлдөр жыйынынын № 2 протоколунун негизинде Жан-Булак айылдык Кеӊеши “ Кызыл- Зоо- Достук” суу пайдалануучулар  ассоцияциясынын ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана  суу чарба курулмаларын Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алуу боюнча карап, таанышып Жан-Булак айылдык Кеӊеш токтом кылат:

  1. Айыл аймактагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
  2. Ирригациялык курулмаларды мунициплдык менчиктин объектиси катары реестрге киргизилсин.
  3. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы бекитилсин.
  4. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча Жан-Булак айыл аймагынын программасы иштелип чыксын.
  5. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрне киргизүү  үчүн жиберилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Боскунчиевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                      Э. Мамбеткулов

Добавить комментарий