cropped-janbulak_2.jpgshapka-janbulak

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын XXX кезексиз  сессиясынын

                                                       ТОКТОМУ № 30

Жан-Булак айылы.                                                                                    28-февраль 2023-жыл  

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдан 2023-жылга карата калган акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ.

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын жыл башында калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп, жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы кезексиз  сессиясы токтом кылат.

  1. 2023-жылга жыл башында калган калдыктын жалпы суммасы 1546,5(бир миллион беш жүз кырк алты мин беш жүз) сомго сметасы бекитилсин.
  1. 2023-жылга жыл башында калган калдыктын 301,6 (үч жүз бир мин алты жүз) сому бала-бакчага тамк аш алууга, 855,0 мин сом кѳмүр отунун алууга бѳлүнсүн.
  1. Жыл башында калган калдыкка смета бекитүүдѳ жергиликтүү Кенеш тарабынан 2020-жылы “30” январда № 1 токтом менен бекитилген Жан-Булак айыл аймагынын 2020-2023-жылдарда социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн стратегиялык планындагы №1 “Инфраструктура” пунктунун 1.2 подпунктунда кѳрсѳтүлгѳн “Айыл ичине кѳчѳ штакетниктерин салдыруу жана түнкү чырактарды орнотуу” графасынын негизинде айыл ичин жарыктандырууга аппаратка 389,9 сом бѳлүнсүн
  1. Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳттүн башчысы У. Боскунчиевге жана айыл ѳкмѳттүн финансы бѳлүмүнүн башчысы Н. Чокоевага милдеттендирилси

 

            Тѳрага                                                                                                 Э. Мамбеткулов

Добавить комментарий