« 6 — апрель» 2017-ж.
Нарын облусунун
Юстиция бащкармалыгына
Жан — Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Сиздерге Жан Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төмөндөгү токтомдорун Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жиберет:
- 2017 – жылдын 13 январь айылдык кенешинин №1 токтому
Депутаттардын Жан-Булак айылдык кенешинин тѳрагасын
жана орун басарын шайлоо жѳнүндѳ.
- 2017 – жылдын 16 — январь айылдык кенешинин №2 токтому
Жан – Булак айылында «Акун» фирмасы тарабынан «Умсунай — Апа» бала
бакчасынын экинчи имараты бүтүрүлгѳндүгү жана ага акча каражатын бѳлүп
берүү жѳнүндѳ
- 2017 – жылдын 16 – январь айылдык кенешинин №3 токтому
Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеримбековду айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына кѳрсѳтүү жѳнүндѳ.
- 2017 – жылдын 10 март айылдык кенешинин №4 токтому
Жан – Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016 – жылдагы аткарылышы жана 2017 жылдагы бюджетинин сметасы жөнүндө.
- 2017 – жылдын 13 — февраль айылдык кенешинин №5 токтому
Жан – Булак айыл аймагындагы мүйүздүү бодо малдарды идентификациялоо боюнча кызмат кѳрсѳтүү акысын бекитүү жѳнүндѳ.
Жогорудагы аталган токтомдор Жан Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2014 — жылдын 25 апрель Жан Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» № 12 токтомуна ылайык мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Токтомдор janbulak. narun – region. kg веб — сайтына 2017 — жылдын «6» апрель айында жарыяланды.
Тиркеме: токтомдордун көчүрмөсү (2 экз), токтомдун электрондук түрү 1 диск
Башчы Д. Шеримбеков